Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 30.10.2018 10:26

Айыл турмушу: Мугалим Ш.Көчөрбаева өзүнүн окуучусунун жетекчилигинде иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун 54 жаштагы тургуну Шайыргүл Көчөрбаева 32 жылдан бери билим берүү тармагында талыкпай эмгектенип келет.

Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Комсомол (азыркы Кытай айылы) айылында 1964-жылы 22-сентябрда төрөлгөн.

«Мугалим мөмөлүү дарак деп коёт. Анын сыӊары, бизден билим алып кеткен окуучуларыбыз ийгиликтерге жетишип, жакшы кесиптердин ээси болуп, мөмөсүн берип жатышат. Биз буга абдан сыймыктанабыз. Алардын бирин мисал кылып айтсам, ушул эле биздин мектептин директору Жыргалбек Султаналиев бир убакта менин окуучум болчу. Менден кичүү жана окуучум болгону менен кызматта анын жолу улуу болуп, аны баарыбыз сыйлайбыз. Ал окуучумдун ата-энеси мугалим болушкан. Өзү да мектепте абдан мыкты окуп кеткен. Кийин жогорку окуу жайды аяктап келген соӊ, өзү окуп кеткен мектепке мугалим болуп жумушка орношту. Ал ортодо директордун орун басары, айылдык кеӊештин депутаты болуп, элге кызмат кылып жүрүп, кийин мектептин директору болду. Ишине так, билимдүү жигит», - деди ал.

Ардактуу мугалим өзүнүн ары татаал, ары кызыктуу кесиби тууралуу буларды айтып берди.

«Биздин айылдагы Токтогул Сатылганов атындагы мектепте 8-класска чейин гана окутчу. Ошол жерде 8-класска чейин окуп, Ичке-Булуӊ деген коӊшу айылдан 10-классты бүтүрдүм. Андан соӊ Пржевальск окуу жайдын мугалимдик факультетин 4 жыл окуп аяктадым. Ал кезде окууну бүткөндөрдү алыс жерлерге, Ош менен Тажикстанга чейин өндүрүштүк практикага жөнөтчү. Мени болсо Ысык-Ата районуна караштуу Эпкин айылына жөнөтүшкөн. Ошол эмгек жолум башталган жылдардан бери жалпы 32 жылдык өмүрүмдү балдарга билим берүүгө арнадым. Учурда Ысык-Ата районундагы Айдаркан Молдокулов атындагы орто мектебинде эмгектенем. Андан сырткары профсоюз комитетинде иштейм.

Эмгек жамаатыбыз абдан жакшы, ынтымактуу. Үзүрлүү эмгектин арты менен райондун, облустун, министрликтин ардак баракчаларынын ээси болуу менен бирге 2005-жылы "Эл агартуунун отличниги" деген наамга татыдым.

Негизи мектептеги түйшүк – бул башталгыч класстын мугалимдеринде деп ойлойм. "А" тамгасын үйрөткөн башталгыч класстын мугалимдери. Мектеп босогосун жаӊы аттап келген окуучуну калыпка салып, андан ары жогорку класска аттантасыӊ. Мен мурун башталгыч класстын мугалимдерине "силер окутпайсыӊар, силерде жыргал" деп айтып калчумун. Иштей келгенде жогорку класстан да башталгыч класс оор болорун билдим. Биз ар бир баланын аӊ-сезимин, мүнөзүн аныктап, ошого жараша мамиле кылып, билим-тарбия берип, чоӊ жолго салып бергенден кийин жогорку класстын мугалимдери андан ары алып кетет экен», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөлүү, 1 уул, 3 кыздын апасы.

«Мен Ысык-Ата районунун тургунуна 1987-жылы турмушка чыктым. Кайындарымдын 2-келини болуп бардым. Жолдошум коомдук унаада бригадирдин орун басары болуп иштейт. Улуу балам милиция кызматкери, андан кийин 3 кызым жана 4 неберем бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×