Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 31.10.2018 23:25 На русском

Айыл турмушу: Кош бойлуу кезинде аттан кулап, аман калган баатыр эне Анаркан Торгоева 7 баланы өстүрдү (сүрөт)

Turmush -  50 жаштагы Анаркан Торгоева 7 балалуу болуп, баатыр эне аталган. Анын учурда 6 небереси бар. Ал 7 айлык боюнда бар кезде аттан кулап, аман калганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Анаркан Торгоева 1968-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Ал 17 жылдан бери мектепте пол жууп эмгектенсе, жолдошу Жумамүдүн Төлөков Ооган согушунун катышуучусу.

«2012-жылы "Баатыр эне" наамын алдым. 17 жылдан бери мектепте пол жууп иштейм. Жолдошум учурда Бишкекте иштейт. Балдарымдын баары өз ордуларын таап, үй-бүлө курушту. Азыр 2 кичүү уулум менен жашайм. Жолдошум экөөбүз жаш кезибизде мал бактык. Далай кызыктуу, ары татаал күндөргө туш болдук.

Бир күнү жолдошум менен Ак-Сайдан мал айдап, бел ашып келе жатып, аттан кулап түштүм. Анда 7 айлык боюмда бар болчу. Ат саздак жерден мүдүрүлүп жыгылып, мен кулап кеттим. Ичим ооруп, балам боюмдан түшүп калды го деп корктум. Андан кийин жакшы болуп, баламды жарык дүйнөгө алып келдим», - деди ал.

Баатыр эне көп бала төрөсө да организми жашарып, ден соолугу чың экендигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×