Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 29.10.2018 16:16

Айыл турмушу: Эгемендүүлүк келген жылдары жумушсуз калган Ш.Жуматаевага кол өнөрчүлүк жан багууга жардам берген (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 57 жаштагы тургуну Шекер Жуматаева бала кезинде апасынан үйрөнгөн кол өнөрчүлүктү улантып келет.

Ал 1961-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн.

«Ушул айылдагы Кара-Суу орто мектебин бүткөм. Кийин Токмок шаарындагы фабрикада иштеп, ошол бойдон ушул шаарда жашап калдым. Жолдошум айдоочу, 2 кыз, 1 уулубуз бар. Балам менен улуу кызым үй-бүлө курушкан. Кичүү кызым Германияда окуйт. Азыркы учурда 4 неберебиз бар», - деди ал.

Шекер эже учурда кийизден ар түрдүү буюмдарды жасап, аларды сатат.

«Кол өнөрчүлүккө бала кезимден аралаштым. Апам уз-чебер эле. Ал мага көп ишти үйрөттү. Кийин Токмоктогу фабрикада иштеп жүрүп, эгемендүүлүктөн кийин баарыбыз эле жумушсуз калдык. Ошондо апамдан үйрөнгөн кол өнөрчүлүгүмдүн жардамы тийди. Мага окшогон кемпир-абышкалар үчүн уюм ачылып, ошондо иштеп келе жатам. Анда мен кийизден ар кандай азем белектерди жасайм. Жасаган эмгектерибизди көтөрүп алып, быйылкы Көчмөндөр оюндарына барып катыштык. Кудайга шүгүр, кол өнөрчүлүк боюнча медаль, ардак баракчаларды алдым. Учурда жамаатыбыз менен бирге жаӊы идеяларды ойлоп-табуунун үстүндө иштеп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×