Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 29.10.2018 15:32

Айыл турмушу: Кадамжайлык пенсионер К.Якубов европалыктарга Ала-Тоону кыдыртып тааныштырууда (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын 65 жаштагы тургуну Калмурза Якубов Европадан келген саякатчыларга Кыргызстандын кооз жерлерин көрсөтүп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда пенсияда болгондуктан таксист болуп иштейт.

«Жогорку билимди Ташкен шаарында алдым. Алгач автожол институтунда, кийин техникумда окудум. Союз бузулгандан кийин 1990-жылдары Алайда геологиялык изилдөө боюнча иштегем. 22 жыл иштеген соң башка жумуш караштырайын деп, Алай райондук электр станциясында механик болуп 15 жыл иштедим. Ошол жерде иштеп жүрүп, 15ке жакын орус дос күттүм. Алардын төртөө Бишкекке көчүп кетишти. 1992-жылы 2 орус досум менен сүйлөшүп отуруп, Кыргызстандагы үңкүлөрдү кыдырып, көрүп чыгалы деп чечтик. Ошентип кайсы жерде үңкүлөр бар деп изилдеп, картаны колубузга алып, өз алдыбызча жолго чыктык. Үчөөбүз өз чөнтөгүбүздөн каражат топтоп, Кыргызстандын аймагын саякаттоону баштадык. Нарындан баштап Баткенге чейин үңкүрлөргө кирип чыктык. Ар бир үңкүргө кирерде биринчи текшерип көрүп, анан кирчүбүз. 2 жылга жакын саякаттадык. Кыргызстандагы эң чоң кызыктуу үңкүр Оштогу Чил-Үстүн үңкүрү болду.

Саякат учурунда кызыктуу окуялар көп болду. Ачка калган, жол таппай калган учурлар кездешти. Эшек издеп, ат издеп, ар кандай адамдар менен тааныштык. Айрыкча эсимде калганы Чил-Үстүн үңкүрүндө тыгылып, чыгалбай калганым болду. Бул үңкүрдө кыска бурулуштар көп экен. Кирип алып, белим бир бурулушта, бутум бир жагында тыгылып калган. Досторум түртүп отуруп араң чыгарган», - деди ал.

Каарманыбыз кийин чет өлкөлүк туристтерге гид болуп, Кыргызстандын кооз жерлерин көрсөтө баштаган. Быйыл Испания, Франциядан келген туристтерди Каркырага, Хан-Теңирге, Таш-Рабатка, Соң-Көлгө, Ысык-Көлгө алып барып келди. Саякатка чыгуу үчүн дайыма ыңгайлуу да кийинип жүрөт.

Саякатчы аксакал 8 баланын атасы. Эң улуу баласы 41 жашта болсо, эң кичүүсү 23 жашта. Балдарынын баары жогорку билимдүү, үй-жайлуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×