Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 29.10.2018 16:33

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Норузбаев агасынын жолун улап, бут кийимдерди оңдоп келет (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 33 жаштагы тургуну Артыкбек Норузбаев бут кийим оңдоо менен элге кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, майыптардын кийме буттарын (протез) да оңдоп берет.

«4 жылдан бери ушул тармакта иштеп жүрөм. Иштеп калуума бир тууган агам Норузбеков Масалбек себепчи болгон. Ал жашоосун элге кызмат көрсөтүүгө арнаган, кадыр-барктуу киши эле. Тилекке каршы кайтыш болуп кетти. Менин жөндөм-шыгым бар болгондуктан агамдын жолун улап, жумушун аткарып, ордун жоктотпой иштеп жүрөм. Масалбек агам бул жерде 20 жылдан ашуун иштеген. Жөнөкөй бут кийимдерди оңдогондон тышкары кийме буттарды дагы оңдойм.

Өзүм жалгыз иштейм. Эч кимден жардам албайм. Анткени кылдаттык менен оңдошум керек. Антпесе кийме буттарга бут кийимдери туура келбей калып, кардар үчүн кыйынчылык жана ыңгайсыздык жаратат. Кийме бут боюнча кардарлар күнүнө эле келе беришпейт. Негизи дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү ушундай иштерди аткарам. Калган күндөрү кадимки жумушум жүрөт. Бул жумушту аркалап калганыма өкүнбөйм. Себеби айыл тургундарына таанымал болуп калган агамдын жолун улап, жумушун жасап жатам. Экинчиден соопчулук ишин дагы унутпашыбыз керек», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы кызыктуу окуяны эскерди.

«Бир акенин өтүнүчүн аткарам деп ал кайра чуу жараткан. Көрсө менин байкабастыгымдан болгон экен. Анын сол кийме бутунун өлчөмү 42, экинчи өзүнүн бутунун өлчөмү 41 экен. Мен аны билбептирмин. Оңдоюн десем бирөөсү чоңураак. Мен болсо 41ге теңдеп, кесчү жерлерин кесип оңдоп салгам. Ал аке көрүп алып, кубанбай эле чуу салган. Ошондон кийин сак болуп, этияттык менен иштеп калгам.

Бул жумушум менин негизги кесибим. Андан башка дыйканчылык менен алектенем», - деди ал.

Артыкбек мырза 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×