Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 29.10.2018 13:12

Айыл турмушу: Швейцариялыктар кыргызды шырдак аркылуу билишет, - дүйнө кезген уз Изат (сүрөт)

Turmush -  Маданияттын мыкты кызматкери Изат Жээнбек кызы кыргыз шырдагын чет өлкөгө таанытууга аракет жасап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Изат Жээнбек кызы 1984-жылы Нарын районуна караштуу Достук айылында төрөлгөн. Ата-энеси экөө тең мугалим болуп иштеп, пенсияга чыгышкан. Бул мугалимдер ушул күнгө чейин кол өнөрчүлүк менен алектенишип, кызы Изат да алардын жолун улап, чет өлкөлөргө көргөзмөлөргө байма-бай катышып, кыргыздын улуттук буюм-тайымдарын чыгарып келе жатат. Буга чейин ал Германия, Италия, Швейцария жана башка бир катар өлкөлөргө барууга жетишкен.

«Таенем дагы кол өнөрчү болгон экен. Азыр апам Кыргызстандагы кол өнөрчүлөрдүн координатору, "Даңк" медалынын ээси. Апамдын жолун жолдоп, мен да кол өнөрчү болдум. Мындан сырткары бухгалтерлик кесиптин ээсимин. Достук айылында салык адиси болуп эмгектенем. Андан сырткары апам ачып берген кооперативди жетектейм. Жумушсуз аялдар менен иш алып барабыз. Жакында эле кыргыз шырдагы менен Берлинге барып келдик. Келээрки январда өтө турган дүйнөлүк көрсөтмөгө барууга даярданып жатабыз. Ага 180 мамлекеттен барышат. Буга чейин дагы барганбыз. Ал жакка биздин продукцияны алып барабыз.

Кээде Кыргызстан десең тааныбагандар, шырдак десең тааныйт. Анткени биздин шырдакты алып барып саткандар көп экен. Бизди экинчи Швейцария деп бекеринен айтпаса керек. Анткени койдун жүнүн дүйнө боюнча биз, андан кийин Швейцария өлкөсү жакшы иштетет экен. Италияда да иштетет. Бирок бизчелик иштете албайт. Кийизи жумшак болуп, шырдак жасаганды такыр эле билишпейт. Майда-чүйдө сумка жана башка буюмдарды гана жасашат. Ал жакта шырдакты сакташпайт экен. Алар биздин шырдактардын сапатына таң калышат. Европага барууга көп басым жасайм. Быйыл Венгрияга жолдомо алганбыз, алар көчмөн эл экен. Алар биздин кийизге өтө кызыгышат», - деди ал.

Изат Жээнбек кызы: «Азыр мен көбүнчө тигүүчүлүк менен алектенем. Мындан сырткары этно-паннолорду жасайм, кафе-ресторандарды этно стилде жасалгалайм, кызга сеп даярдап беребиз. Бош отура албайм. Бош калсам ойлоно баштайм. Көчөдөн бир жазууну көрсөм деле андан идея алам. Жаратылыштагы ар бир кыймыл-аракет, көрүнүштөр мага идея болуп берет. Көбүнчө эргүү жалгыз отурганда пайда болот», - деди ал.

Изат үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×