Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
29.10.2018 08:06 Жаңыланды: 29.10.2018 18:28 На русском

55 жыл бирге: Иса ата 7-классынан тарта трактор айдап, Бурулкан апа 7 кайын сиңдисин күйөөгө узатты (сүрөт)

Turmush -  Жубайлар рубрикасынын бул жолку каармандары —Ат-Башы районундагы Калинин айылынын тургундары Иса Жумалиев менен Бурулкан Турдакунова. Алар 55 жыл бирге жашап, 9 бала, 30 небере, 11 чөбөрөлүү болушкан.

Иса Жумалиев 1939-жылы Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектептен 7-классты бүткөн соң тракторист болуп иштеп, 1963-жылы аскерде 3 жыл жүргөн. Кийин айдоочу, андан соң 27 жыл жубайы экөө малчы болуп эмгектеништи. Учурда алардын 7 уул, 2 кызы, 30 небере, 11 чөбөрөлөрү бар.

80 жашка чыккан каарманыбыз учурда балдарынын төрүндө отуруп, келиндин ысык чайын ичип, сый көрүп жатканын айтты.

«Аскерден келгенден кийин колхоздо айдоочу болуп иштедим. Ат-Башы автобазасында 6 айча иштеп, 27 жыл бою жубайым экөөбүз кой бактык. Дыйкан чарба тарагандан кийин пенсияга чыктык, андан бери балдар менен үйдөбүз.

Биз кичирээк кезде өйдө-ылдый болду, тракторист болуп 1 үйдү багып жаттым, бирде ток бирде ачка болдук. Кийин пенсияга чыктык. Кудайга шүгүр, азыр курсак ток, кийим бүтүн. Ынтымактуу үй-бүлө болуу үчүн кандай кыйынчылык болбосун ар дайым чыдамдуу болуп, сабырдуулук керек», - деди Иса ата.

Бурулкан Турдакунова 1944-жылы Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. Кичинекей кезинен таякесинин колунда чоңоюп, мектепти бүткөн соң окуганга шарты жок болду. Андан көп узабай турмушка чыккан. Жаңы турмуш курганда жокчулуктун айынан далай кыйын күндөрдү өткөрүп, кийин жашоо жеңилдеп калганын айтат.

«Мени таякемдер багып чоңойтту. Мектепти бүтүп эле турмушка чыктым. Ургаачы кишинин башына эмнелер келип, эмнелер кетпейт. Үлгүлүү үй-бүлө болуу үчүн алгач босогону аттагандан кийин келин кайнене, кайнатанын сырын билүү керек. Келиндин сырын кайын эне билиши керек. Келин да, күйөө бала да кайнене-кайнатаны бирдей сыйлашы зарыл.

Учурда 7 келиним бар. Менин кайненем өтө катуу адам болчу. Азыр келиндеримди эркин коём, айлыгы, баскан-турганы менен ишим жок. Турмуш бузулган өтө татаал, ургаачынын турмушу бузулбасын.

Аял босогону аттагандан кийин эркелигин таштап, жоопкерчиликтүү болушу керек. Эркек дагы кызды алып келгенден кийин аны көтөрмөлөшү керек. Ал эми кайната-кайнененин сыры 3 жылда билинет. Ага чейин келин балалык кыялы менен жүрө берет», - деди Бурулкан апа.

Ал ошондой эле турмушка чыккандан кийин оор турмушта жашаганын айтып берди.

«Акчөлмөк ойноп, балалык кезди жакшы өткөрдүк. Турмушка чыкканда татаал турмушту ошондо көрдүм. Ата-энем очокко от жактырбаптыр. Мен келин болуп келгенде 1 мүшөк арпаны жалгыз күүшөп, аны жолдошум сапырып берди. "Мен сени ыйлаткан турбаймынбы” деп, ошондон кийин эч ким мага сүйлөй албай калды. Эркелигим да ошону менен жуулду.

Мен келгенде үйдө 7 кыз бар болчу, алардын кыялдары ар кандай болду. Алардын баарын күйөөгө бердик», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×