Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.10.2018 13:37 На русском

Видео — Кадамжайда айылга кирип келип, адамдарга кол салган 2 карышкырдын бирөөсүн эл таяк менен уруп өлтүрдү

Turmush -  23-октябрда Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылына кирип барып, 4 адамды талаган 2 карышкырдын бирөөсүн эл таяк менен уруп өлтүрдү. Бул тууралуу биоресурстарды сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын департаментинин Кадамжай районундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалым болгондой, 23-октябрь күнү таңкы саат 07:00 чамасында Кара-Жыгач айылына 2 карышкыр кирип келген. Алар алдынан чыккан адамдарга, иттерге, жаныбарларга кол салган. Карышкырлардын кол салуусунан 4 адам ар кандай оор жаракаттарды алган. Андан улам эл ызы-чуу болуп топтолуп, карышкырдын бирөөсүн короого камап, таяк менен уруп өлтүрүшкөн. Ал эми экинчи карышкыр айылдан качып кеткен. Жаракат алган 4 адам Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилип, азыр абалдары туруктуу. Учурда кутурма оорусуна карата анализдер алынып, текшерүү иштери жүрүүдө.

Бул боюнча биоресурстарды сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын департаментинин Кадамжай районундагы өкүлчүлүгүнөн мергенчилерге атайын тапшырма берилди. Айыл өкмөт тарабынан кол салган карышкырлардан жаракат алган иттерди атып жок кылуу жана качып кеткен карышкырларды атып өлтүрүү боюнча токтом чыгарылды. Учурда кутурма оорусун алдын алуу үчүн иттерди атуу иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×