Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 30.10.2018 01:09

Айыл турмушу: Кол өнөрчүлүктү бала кезинен өздөштүргөн Наталья Бутенконун эмгектери (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Түп айылынын 46 жаштагы тургуну Наталья Бутенко бала кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алек. Ал мугалимдик кесипке ээ болгону менен окуучуларга сабак берген эмес. Аймактык кабарчы анын эмгектерин көрүп келди.

Наталья Бутенко К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуп, физика мугалими адистигине ээ болгон. Учурда Каракол шаарындагы №2 мектеп-гимназияда ийримдин жетекчиси болуп иштейт.

«Бала кезимден бери чыгармачылык менен алектенип, ар кандай ийримдерге барчумун. Окуу жайды аяктагандан кийин мугалим болуп иштеген жокмун, анткени так илимдерге кызыкпайм. 2012-жылы аталган мектептеги ийримди жетектөөгө чакырышты. Балдар менен сүйлөшүү, алардын эмгектери мага кубаныч тартуулайт. Алар менен тажрыйбамды бөлүшүп жатканыма кубанам. Учурда жүндөн, кагаздан буюмдарды жасайм. Өзгөчө балдар менен жумшак оюнчуктарды жасаган жагат. Дайыма өзүмдү өнүктүрүп, жаңы, өзгөчө, эч ким жасай элек бумдарды жасоого аракет кылам. Жумушта да, үйдө да кол өнөрчүлүк менен алекмин. Кол өнөрчүлөрдүн чакан ишканасын ачууну кыялданам. Өнөрүмдү балдарга эле эмес кыз-келиндерге да үйрөтүүнү каалайм. Жолдошум мени ар тараптан колдойт», - деди ал.

Кол эмгек жаратуу абдан оор, бирок ал бааланбай калат деген Н.Бутенко эмгектерин дүкөндөрдө сатууга аракет жасайт. Ал окуучулары менен шаардагы жана облустагы көптөгөн сынактарга катышып, байгелүү орундарды алган.

«Өткөн жылы республикалык сынакта 1-орунга татыктуу болдук. Окуучуларым жана кызым да сынактарга катышып жатат. Биздин шаардагы жашоочулар кол эмгектерге абдан суктанып, бирок аны сатып алышпайт, тактап айтканда акча короткусу келбейт. Учурда эмгектеримди интернет аркылуу сатууну ойлонуудамын. Акыркы убактарда кол эмгектерге кызыгуу артып жатат», - деди ал.

Н.Бутенко жолдошу экөө 1 кызды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×