Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 13.10.2018 16:06 Жаңыланды: 09.11.2018 14:44

«Жеңеке»: Ат-Башыга келин болгон 29 жаштагы Венера кайын журтуна кантип жакканын айтып берди (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 29 жаштагы тургуну Венера Султанмамбетова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин лингвистика факультетин бүтүргөн. Ал Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылынын 1983-жылы туулган тургуну Жумалы уулу Максатбекке турмушка чыккан. Жолдошу Авто-жол техникумун бүтүргөн соң, айылда Аскердик каттоо окуу жайында иштейт.

«Жолдошум менен курбу кызым аркылуу таанышканбыз. Курбум Ача-Кайыңды айылынан болчу. Максатбек экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук. Турмушка чыкканда кыйналган жокмун. Себеби, кичинекей кезимден бери өзүмдүн апам баардык нерсеге үйрөткөн. Тамак-аш жасаганда, уй сааганда, дегеле үй оокаттарын кылганда кыйналган жокмун. Кайын журтум менен бат тил табышып, үй оокаттарына тың болгондуктанбы кайын журтума бат эле жактым. Алар дагы мага жагышты.

Жолдошум үй-бүлөдө улуусу жана жалгыз уул болгондуктан ата-энеси менен чогуу турабыз. Кайненем мени өз кызындай көрөт, мен да өз апамдай мамиле кылам. Кайненем гүл өстүргөндү, жер жемиштерди себип, аларды караганды жактырат», - дейт ал.

Ошондой эле, В.Султанмамбетова жаңы турмушка чыкканда болгон кызыктуу окуялары менен дагы бөлүштү.

«Жаңы турмушка чыкканда шаарда жашап калдык. Анда мен студент болчумун, жолдошум иштечү. Кайын сиңдилерим менен чогуу жашачубуз. Бир күнү бир туугандарыбыз отко киргизип чакырып калды. Таксини шашып чакырттык. Күтүп жатып эшикке чыксак, бир унаа туруптур. Биз такси келди го деп, отуруп алдык. Пакеттердин баарын салыштырып койгонбуз. Айдоочусу унаада жок экен, дүкөнгө кирип кетиптир. Бир маалды дүкөндөн чыгып эле бизди көрүп: «Ой силер эмне отуруп алдыңар?» деди. Көрсө биз башка эле адамдын унаасына отуруп алыптырбыз. Унаа ээси күлүп, «Кайда барат элеңер? Ушунча олтуруп алган соң жеткирейин» деп жеткирген эле.

Бош убактымда курак курайм. Кичүү балам кичинекей болгондуктан бала менен эле отурам. Кийин балдарым бир аз чоңойгон соң өзүмдүн кесибим менен иштесем деген планым бар», - дейт үч баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×