Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.10.2018 15:14

Жалал-Абадда көздүн саламаттыгын акысыз текшерүү акциясы өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында көздүн саламаттыгын акысыз текшерүү акциясы өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чара борбордук аянтта өтүп, ага 100дөн ашуун тургундар катышты.

«Бүткүл дүйнөлүк көрүүнүн саламаттыгын сактоо күнүнүн алкагында акция уюштуруп жатабыз. Бул жерге облустук оруканадагы көз оорууларынын дарыгерлери чакыртылган. Алар шаардыктардын көздөрүн текшеришип, кеңештерин берип жатышат. Мындай акция шаарда алгачкы ирет өткөрүлүп жатат, акция ушуну менен гана чектелип калбайт», - дейт Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн көз ооруулар программасынын адиси Саидаббас Раимжанов.

Ал эл аралык уюм тарабынан Жалал-Абад, Кербен жана Кара-Көл шаарларындагы ооруканаларга жаңы медициналык жабдуулар алынып, ноябрь айыларында тапшырыларын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×