Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.10.2018 14:12

Нарын шаарында «Погончон айым» сынагы өткөрүлөт

Turmush -  Нарын шаарында 18-октябрь күнү М.Рыскулов атындагы драма театрында күч органдарында иштеген кызматкер айымдар арасында «Погончон айым» сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Теңир-Тоо» продюсердик борборунун директору Нуржан Аликова билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызстан ыйык мекеним» долбоору аркылуу күч структуралары жана адилет башкармалыгы арасында «Погончон айым», мырзалардын «Мекениме кызмат кылам» сынактары жарыяланган.

«Погончон айым" сынагынан негизинде катышуучуларга тапшырмалар берилген. Учурда катышуучулар даярданып жатышат. Сынактан баш байгени жеңген айым 2019-жылдын 7-мартында өтө турчу республикалык "Погончон айым" сынагына катышууга жолдомо алат. Ал эми Нарын шаарындагы сынакта ОИИБден 2 айым, ӨКМдин облустагы башкармалыгынан 1 кыз жана чек ара кызматынан 1 кыз өздөрүн сынашат. Сынактын шартына ылайык ага 18 жаштан 35 жашка чейинки айым кызматкерлер катыша алат. Ошондуктан катышуучулардын саны аз», -деди Н.Аликова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×