Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусу, Нарын 12.10.2018 14:08

Нарындык тургун шаардагы көп кабаттуу үйлөргө уланган курулуштарга чара көрүлбөй жатканына нааразы (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында көп кабаттуу турак жайларга жармаштыра курулган курулуштар шаардын көркүн бузууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургуну Гүлира Кенжекараева билдирди.

Анын айтымында, шаардын Москва жана Городок аймактарында көп кабаттуу үйлөргө кошумча кире бериш, сарай же соода жайларын, балкондорду куруп алгандар көп.

«Мындай курулуштар шаардын көркүн бузуп жатат. Буларды карай турган мекемелер эмне иш кылышат? Мэрия, архитектура, муниципалитет, экотехинспекция жана башка мекемелер мыйзамсыз салынган курулуштарды эмнеге көзөмөлгө алышпайт? Башка жакта түрттүрүп эле салышат. Нарында бир мыйзамсыз курулуш алынып, түрттүрүлгөн эмес. Кимге кайрылышыбыз керек?», - деди Г.Кенжекараева.

Ал эми шаардык мэриянын басма сөз кызматы бул маселени тактап, андан соң жооп бере тургандыгын билдиришти. Ал эми мэриянын алдындагы муниципалдык ишкана мындай курулуштар шаардын аймагында көп экендигин айтып, жакын арада комиссия иш алып барарын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×