Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
12.10.2018 14:03 На русском

Илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн адам табылды, ал — дарыгер (видео)

Turmush -  Илбирстин терисин жамынып алып түшкөн сүрөтү тарагандан кийин изделе баштаган адам табылды. Ал Ош облустук клиникалык ооруканасында дарыгер болуп эмгектенгени аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн аңчы адиси, түштүк аймак боюнча аңчы топтун башчысы Төлөнбай Каримов кабарчыга билдирди.

Илбирс териси

Дарыгер түшүнүк катында 2014-жылы Россиянын Москва шаарынан Кыргызстанга келе жатып, Казакстандын Алмата шаарында казак достору коноктогонун билдирген. Ошол үйдөн илбирстин терисин көрүп, аны жамынып алып сүрөткө түшкөн. Кыргызстанга келгенден кийин ал сүрөтүн социалдык түйүндөгү баракчасына жайгаштырган.

Учурда аталган факты боюнча Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×