Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуКочкор району 12.10.2018 13:31

Кочкордогу Байтели каналынын башкы курулмасы 75 000 сомго оңдоодон өтөт (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Теңдик айылындагы Байтели каналынын башкы суу алуу курулмасы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Абакиров маалымдады.

Анын айтымында, Байтели каналынын башкы курулмасы жараксыз абалга келген. Аны оңдоо үчүн Кочкор айыл өкмөтүнүн бюджетинен 75 000 сом каралып, материалдар алынды. Оңдоо иштерине жакыр үй-бүлөлөр тартылып, эмгек акысына БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу ун, май берилмекчи.

Байтели каналы аркылуу 60 гектар жер аянтына суу берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×