Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.10.2018 13:30 На русском

Олимпиадалык резерв окуу жайында тарбияланган бейбаш кыздар кармалды

Turmush -  Бишкек шаарындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын тарбиялануучулары кафеден кыз тоноп, жабырлануучуну милиция кызматкери куткарып калган. Кызга кол салган үч кыз аталган окуу жайдын окуучулары жана жанында бир жигит болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин башчысы Сталбек Рахманов бүгүн, 12-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

6-октябрга караган түнү «102» кызматы аркылуу Орозбеков көчөсүндөгү кафеде ок атылганы тууралуу билдирүү түшүп, Биринчи май РИИБдин ыкчам тобу жөнөтүлгөн.

«Милиция кызматкеринин айтымы боюнча, кафеде бир нече адамдар кызды тоноп, андан баштыгы менен телефонун тартып алышкан. Учурда 3 адам убактылуу камакка алынды, алардын арасында өспүрүм да бар», - деди С.Рахманов.

Тиешелүү материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына берилген. Учурда окуянын төртүнчү катышуучусун кармоо аракеттери улантылып жатат.

Ал эми милиция кызматкери ок атылган тапанча ага тиешелүү эместигин айткан. Бул факты боюнча да экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×