Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЧүй району 12.10.2018 13:24

Айыл турмушу: Куткаруучу Рысбек Аматов жалындап күйгөн үйдөн эс-учун жоготкон адамды алып чыккан (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунда куткаруучу болуп иштеп жаткан Рысбек Аматов Алмата шаарындагы окуу жайда билим алган. Ал тургундардын нааразычылыгы, жумуш учурундагы кыйынчылыктар тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Рысбек Аматов 1961-жылы 9-январда Алай районунун Будалык айылында төрөлгөн. 1986-1988-жылдары Казакстандын Алмата шаарындагы өрт-техникалык окуу жайда билим алып, 1981-жылы аскерден келгенден кийин Ош шаарындагы №13 аскерлештирилген өрткө каршы кызматка жумушка орношкон.

«Албетте, биздин эң биринчи милдетибиз кырсыктардан адамдарды куткарып калуу. Тажрыйбамда адам өмүрүн сактап калган учурлар көп эле кездешти. 2016-жылы кыш мезгилинде Аламүдүн районунун Кайырма айылынын тургунунун үйүндө өрт кырсыгы катталып, бизге чакыруу түштү. Өрткө сыналгынын ички зымдарынан туташуусу себеп болгон экен. Үйдүн ээси түтүнгө ууланып, өзүн жоготуп баштаганда үйдү талкалап кирип, оргуштап чыккан кара түтүн, жалындаган отко карабай, аны эшикке алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөттүк. Жыйынтыгында үй ээси аман калды», - деди ал.

Куткаруучулар кызмат учурунда ар кандай кырдаалга туш болот. Алар көбүнчө адамдардан «кеч келдиңер» деген жемени угушат.

«Чыныда "сууңар жок келдиңер, кеч келдиңер" деген сөздөрдү көп угабыз. Албетте, кырсыкка учураган адам эмне деп жатканын билбей калышы мүмкүн. Бирок бул пикир туура эмес. Өрт өчүрүүчу унаа дайыма сууга толтурулуп турат. Өрт өчүргөнү бара жатып кантип суусу жок чыгабыз? Мындай пикирди угуп таң каласың. Суу бат түгөнүп калышы мүмкүн. Мындай учурларда күйүп жаткан жерден гидрант аркылуу же башка суу булагын издеп калабыз. Кээде өрт чыккан учурда адамдар өздөрү өчүрүүгө аракет кылып, күчтөрү жетпей калганда гана бизди чакырышат. Биз келгенде өрт күчөп кеткен болот. Айрым учурларда өзүбүз кеч барып калабыз. Буга унаа тыгындар себеп болот. Айдоочулар жол бошотуп беришпейт. Адам өмүрү бизден көз каранды болуп жаткан учурда болушунча эрте барууга аракет жасайбыз. Биз жолу "Манас" аэропортунун жолунда алдыбызга "КамАз" түшүп алып, жолубузду 4-5 чакырым аралыкка чейин тороп, бизди өткөрбөй койгон эле. Эмне үчүн мындай кадамга барганын билбейм», - деди ал.

Куткаруучу кырсыктардан сактануу жолдорун айтып берди.

«Көбүнчө мас абалда үйдүн сыртында, ичинде тамеки тартып уктап калганда өрт чыгат. Муну иш жүзүндө көрүп жатабыз. Колдо жасалган электр жабдыктарды колдонбоого, жаш балдарга күйүүчү заттарды бербөөгө, кышында мештердин ичин тазалоого, эгер пол жыгачтан болсо мештин алдына күйбөгөн материалдардан салууга кеңеш беребиз. Айыл жеринде кышка тоют даярдаган учурларда чөптү үйлөргө жакын жыйнабай, электр зымдарын 1 жылда толук текшерүүдөн өткөрүп туруу керек. Ошондой эле сууга түшүү сезону башталганда мас абалында сууга түшпөөгө чакырам», - деди ал.

Рысбек Аматов үй бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын атасы.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×