Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.10.2018 13:05

Нарындагы милиция кызматкерлери жаңы мыйзам боюнча сынак тапшырышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын ОИИБдин борбордук аппаратынын жетекчилиги, бөлүмдөрдүн башчылары жана шаардык-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы жаңы мыйзам боюнча сынак тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган милиция кызматкерлери 2019-жылдын 1-январынан тарта колдонула турган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекси, Жазык-процесстик кодекси жана Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Жаза аткаруу кодекси боюнча сынак тапшырышкан. Буга чейин Нарын ОИИБдин өздүк курамына жана шаардык-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамдарына жаңы кодекстер жөнүндө окутуу иштери жүргүзүлүп келген. Бул жолу жетекчиликке жана жалпы өздүк курамга жаңы кодекстердин өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары жеткирилип, соңунда бөлүмдөрдүн жетекчилери өз даярдыктары боюнча сынак беришти.

Бул иш-чара Нарын облусунун шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүндө да улантылып, жаңы мыйзамдар менен иш алып барууга даярдыктар жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×