Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.10.2018 12:31

Кара-Көлдө цемент заводунун курулушу башталбаса, ага бөлүнгөн жер кайтарылат

Turmush -  Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги 21-сессиясы 10-октябрда уланып, күн тартибиндеги калган 11 маселе жана «ар түрдүү» котегориясында 5 маселе каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеев цемент заводунун курулушу боюнча документтерди даярдоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анда маалым болгондой, эгер 2 жылдын ичинде (жер тилкесин бөлүү тууралуу токтом чыккан күндөн тарта) цемент заводунун курулушу башталбаса, анда ага бөлүнгөн жерди муниципалдык жеке менчикке кайтарып алуу керектиги айтылды. Бул боюнча шаардык кеңештин жер тилкесин бөлүү туурасындагы токтомунда дагы көрсөтүлгөндүгү жана жер бөлүнгөндөн бери 1,5 жыл өткөндүгү маалымдалды.

Буга чейин шаардык кеңештин депутаттары Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын Оот айылына цемент заводун курууга жер бөлүп берүү чечимин кабыл алышкан. Завод курула турган жердин аянты 49,27 гектарды түзүп, ал 49 жылга ижарага берилет. Инвестициянын жалпы суммасы 110 млн долларды түзөт.

Сессия 8-маселени кароодон башталса, 9-октябрда өткөн сессияда 7 маселе каралган болчу.

8. Балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин 2017-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы;

9. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2017-2018-окуу жылдарында аткарган иштери боюнча маалымат;

10. Шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2016-2017-жылдарда аткарган иштери жөнүндө маалыматы;

11. Шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө;

12. Шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2017-2018-жылдарда аткарган иштери боюнча маалыматы;

13. Шаардык кеңештин депутаты Ж.Матназарованын Ч.Айтматовдун ысымын Балдар чыгармачыл үйүнө ыйгаруу боюнча сунушу;

14. Шаардык кеңешинин 2014-жылдын 14-октябрындагы №51/15-6 токтому менен бекитилген «Шаардын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» жобого өзгөртүү киргизүү;

15-16-17. «Арис» долборунун алкагында сатып алынган «Lovol, FL 953» үлгүсүндөгү атайын техниканы иштетүү жөнүндө» жобону бекитүү, аталган үлгүдөгү техниканы иштетүү үчүн механизаторду тандап алуу боюнча сынак өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү, «Lovol, FL 953» үлгүсүндөгү техниканы коммерциялык багытта кызмат көрсөтүүсүнүн тарифин бекитүү маселелери;

18. Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы Чоң-Таш көчөсүндө жайгашкан эски завод турган жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү маселелер каралды.

Ал эми ар түрдүү маселелерге Кетмен-Төбө айылына жана Кара-Көл шаарынын Комсомол көлүнүн жанына «Дата» борборун курууга жарандар жер тилкелерин берүүгө уруксат сурап кайрылуусу, дин иштери, ырым-жырым, үрп-адат боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×