Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 12.10.2018 11:19 На русском

Ала качкан жигиттердин унаасына сүйрөлгөн милициянын майору К.Султаналиеванын жашоо сүртүмдөрү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов РИИБдин кадрлар тобунун жана кесиптик даярдоо боюнча ага тескөөчү, милициянын майору Клара Султаналиева аймактык кабарчыга кызмат учурундагы эсте калган окуяларын айтып берди.

Ал 1976-жылы 15-декабрда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында төрөлгөн.

«Сен чын эле милиционер турбайсыӊбы»...

- 2001-жылы ИИМдин атайын орто мектебин окуп бүткөндөн кийин, июнь айынан баштап августка чейин Ысык-Көлгө өндүрүштүк практикага бардым. Жаш курсанттарды бардык пансионаттарга бөлүштү. Мен болсо Бостериде жайгашкан пансионатка бөлүндүм. Биз коомдук коопсуздукду сактоо максатында пансионаттарды кыдырып, эс алуучулардын коопсуздугун карачубуз. Мен бөлүнгөн пансионатта мектепти жаӊы бүткөн кыздар ашпозчу болуп иштешчү.

Бир күнү пансионатты аралап басып жүрсөм эле, унаа токтотуучу жайда ашпозчу кыздардын бири «жардамга» деп кыйкырып калды. Мен дароо кыйкырык чыккан жакка чуркадым. Бурулуштан чыксам эле, аны бир балдар унаага салып, качып жөнөштү. Анда менде кайдагы унаа? Эс алып келген бир баладан «унааӊды айдачы» деп сурансам, ал мага «жетпейбиз» деди. Себеби, анын унаасы «Нива» болчу. Кызды алып качкан балдардыкы эмне унаа экени эсимде жок, кыскасы «Иномарка» болчу. Мен болбой эле жетебиз деп, аркасынан айдатып жөнөдүм. Алар чоӊ жолго чыга берген жерде май куюп жатышкан экен. Унаадан түшүп эле, алардын унаасынын эшигинен кармадым. Бирок, алар унаасына отура калып, катуу ылдамдык менен айдап кетишти. Мен болсо 3-4 метрге сүйрөлүп барып жыгылып калдым. Кайра «Нивага» чуркап келип отурдум да, аркасынан кубалап жөнөдүк. Бостери айылынан чыгып, жогорку айылга кетип бара жаттык. Биз алардын артынан түшкөндүктөн, кийинки айылга жетпей токтоп калышты. Өзүмдү кармап, сабырдуулук менен кызды ала качкан бала менен сүйлөштүм. «Чындап эле жагып жүрсө сүйлөшкүлө. Ата-энеси менен таанышкыла. Бул кылганың туура эмес, эртеӊки күнү жооп берип каласыӊ» дедим. Ал дагы акылдуу болуп ар кайсы сөздү айтып, экөөбүз көпкө талашып-тартышып сүйлөштүк. Кыз болсо ботодой боздоп, «алып кетиӊиз» деп суранып жатты. Аны унаадан кармап түшүрбөй жатышкан. Бир маалда балдар өздөрүнчө кобуранышып, андан кийин кызды коё беришти. Биз «Нива» менен кайра пансионатка келдик. Биз кыз ала качкандардын артынан кууп жөнөгөндө, ошол жерде жүргөн эс алуучулар «жетпейсиӊер, убара болбой эле койгула» деп жатышкан. Биз келип токтогондо, баары күтүп турган экен. Кыз ыйлап унаадан түшкөндө бирөөсү мага «сен чын эле милиционер турбайсыӊбы» деп тамашалап күлүп койгон. Негедир ушул окуя эсимен кетпейт.

Ичимдеги кусалыкты жан адамга билгизбей келем

- 2003-жылы Талас облусунун Манас РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү болуп эмгектенип жүргөндө турмушка чыккам. Жолдошум Жеңишбек Иманкулов милициянын капитаны болчу. Экөөбүз чогуу иштечүбүз. Ошентип 3 уул, 1 кыздуу болдук. Жолдошум дагы милицияда иштегендиктен бири-бирибизди жакшы түшүнүп, бири-бирибизди дайыма колдоп турчубуз. Тагдырдын жазганы ушул экен, жолдошуман 5 жыл мурун айрылып калдым. Ушул күнгө чейин анын караанын издеп, сагынып ыйлап келем. Бирок, ичимдеги кусалыкты жан адамга билгизбегенге аракет кылып, кайраттанып, балдарымдын атасы да, апасы да болууга аракет кылам. Жолдошум менин чоӊ таянычым, балдарымдын сүйүктүү камкор атасы, адамгерчиликтүү инсан болчу.

Кичинекей кезимде эле милиция кызматкери болом дечүмүн

- Билбейм, эмнеси экенин, бала кезде согушкан тасмаларды көп көрчүмүн. Азыр сүйүү темасындагы, айрыкча Россиянын тасмаларын көргөндү жакшы көрөм. Кесипти тандап алышыма ошол согушкан тасмалардагы милиция кызматкерлеринин эрдиктери түрткү болду окшойт. Кыскасы, милиция кызматкери болууну ошол кичине кезимде эле чечкем. Жаштын тилегин берет деген сөз бар эмеспи, учурда форма кийип кыргыз элиме кызмат кылганыма сыймыктанам. Тилегим орундалды, 2001-жылы айдоочулук күбөлүк да алгам.

Милициянын жумушу нормалдуу эмес, бир убакта башталып, бир убакта бүтпөйт. Түйшүгү көп десем болот. Кээде, кызматта жүрүп кеч келебиз. Түнү менен жумушта да болуп калабыз. Кээде жакын туугандарыбыздын жакшылык жана жамандыктарына бара албай калган учурлар болот. Бирок жалкоо болбой, аракет жасасак баарына жетишсек болот деп ойлойм.

Башты эч убакта жерге салбаш керек…

- Азыр менде көп милдет бар. Балдарыма татыктуу тарбия берип, аларды эч нерседен кем кылбай өстүрүп жана ата-энемдин эмгегин актап, кыргыз элиме татыктуу кызмат өтөп, талыкпастан эмгектенишим керек.

Эртең менен эрте туруп, алгач эле балдарымды мектепке жеткирем. Андан ары өзүмдүн жумушума жөнөйм. Кечигип барганды жаман көрөм. Андыктан болушунча эртерээк турганга аракет кылам.

Менин бардык жасаган тамактарымды, айрыкча мантымды жолдошум жакшы көрчү. Эми болсо балдарым да жакшы көрөт. Үйдө аялзатына тиешелүү жумуштардын баарын жасайм жана тазалыкты эӊ жакшы көрөм. Жумуштан келгенден кийин тамак жасап, балдардын сабактарын даярдаганга жардам берип, мектепке кийимдерин даярдайм. Ошентип убакыттын кантип өткөнүн билбей калам. Бош убактымда балдарыма ар кандай тамак жасап бергенди, эмгектик эс алууга чыкканда балдарым менен убакыт өткөргөндү жакшы көрөм. Азыр улуу балам 10-класста окуса, кичүү кызым 3-класста окуйт. Улуу балам үйдө бардык жумушту жасаганга жардам берет, ушуга да кудайга шүгүр!

Негизи, мен бул жашоодо жакын адамымдан айрылуудан коркот экенмин. Кудайым жамандыктан сактасын.

Албетте, милиция кызматкеринин жашоосу укмуш эмес. Бирок, ошол эле маалда өтө начар дагы эмес. Ооба, кыйналган учурлар болот. Айрыкча 4 баласы бар жалгыз бой энеге кээде кыйын эле болуп кетет. Бирок, башты эч убакта жерге салбаш керек. Кыйын мезгилдер да өтөт, жакшы күндөр да келет…

Ата-энеме ыраазымын

- Алты бир тууганмын. Эки байкем, эки эжем жана бир сиӊдим бар. Ата-энеме, бир туугандарыма ыраазымын. Ата-энем мени ушул жарык дүйнөгө алып келип, эрезеге жеткиришти. Окутуп, билим беришти. Жакшы тарбия алдым. Азыр да мага чоӊ жөлөк болуп келишет. Ата-энеме чын ден соолук, узун өмүр каалайм!

Мектепти Кара-Арча айылында ийгиликтүү бүтүргөм. Андан соӊ, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктап, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал- майору Ж.Шабиров атындагы атайын орто мектебининен билим алып чыктым. Аталган мектепти аяктап жатканда милициянын кенже лейтенанты наамын алгам. Ошентип ички иштер органында 2000-жылдан бери кызмат өтөп келе жатам.

ИИМнин атайын орто мектебин бүткөндөн кийин, 2001-жылы Талас облусунун Кара-Буура РИИБдин кадрлар тобунун ага тескөөчүсү кызматына дайындалгам. 2003-жылы Талас облусунун Манас РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тесөөчүсү, 2012-жылы Чүй облусунун Панфилов РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясынын ага тескөөчүсү, 2013-жылдан азыркы убакка чейин Чүй облусунун Панфилов РИИБдин кадрлар тобунун жана кесиптик даярдоо боюнча ага тескөөчү кызматында иштеп келе жатам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×