Адыл Каниметов Каракол шаарынын мэри болуп шайланды (өмүр баяны)

Turmush - Каниметов Адыл Жанкорозович Каракол шаарынын мэри болуп шайланды.
Бүгүн, 12-октябрда өткөн Каракол шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттар эки талапкерге добуш беришти. Сессияга 31 депутаттын ичинен 28 депутат катышты. Анда вице-мэр Адыл Каниметовго 18 депутат, ал эми шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракуновго 11 депутат добуш берди.
А.Каниметов Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында 1977-жылдын 12-декабрында туулган. Эки жогорку билимдүү. Юрист жана экономист кесиптерине ээ болгон.
2008-жылдын октябрь айынан 2012-жылдын 9-сентябрына чейин Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2010-жылдын июнь айынан 2016-жылдын май айына чейин «Эдил» айыл чарбасынын төрагасы болгон. Ал Каракол шаарынын вице-мэри кызматын 2016-жылдын июль айынан бери аркалап келген.
А.Каниметов Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын экс-депутаты Жанкороз Каниметовдун уулу. Учурда Ж.Каниметов «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин проректору кызматын аркалап келет.
Буга чейин Каракол шаарынын мэри Арпачиев Данияр Карагулович ээлеген кызматынан бошотулгандыгы жана тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугу маалымдалган болчу. Кийинчерээк Д.Арпачиев мэрликтен кетүү тууралуу арыз жазуусуна эмне себеп болгондугун түшүндүргөн.