Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.10.2018 10:38 На русском

Каракол шаардык кеңешинин депутаттары мэрди шайлоого чогулушту

Turmush -  Бүгүн, 12-октябрда Каракол шаардык кеңешинин 27-чакырылышынын депутаттары кезектеги сессияга чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сессияда шаардын мэрин шайлоо маселеси каралат. Буга чейин мэрлик кызматка Адыл Каниметов жана Эрлан Айсаракуновдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Сессияга 31 депутаттын ичинен 28 депутат катышууда.

Буга чейин Каракол шаарынын мэри Арпачиев Данияр Карагулович ээлеген кызматынан бошотулгандыгы жана тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугу маалымдалган болчу. Кийинчерээк Д.Арпачиев мэрликтен кетүү тууралуу арыз жазуусуна эмне себеп болгондугун түшүндүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×