Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 12.10.2018 11:33 На русском

Лейлектин Тогуз-Булак айылындагылар жайлоого эгин айдалгандыктан элетке суу жетпей жатканын айтышууда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Төө жайлоосундагы жайыт жерлерге жетекчилер эгин өстүрөт. Бул тууралуу Тогуз-Булак айылдык жайыттар комитетинин төрагасы Наби Жороев билдирди.

Анын айтымында, жайыт жерлерге эгин айдоо мыйзамсыз.

«Төө жайлоосундагы 2 гектарга жакын жерге жыл сайын картошка, айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жерди пайдалангандардын арасында чоң кызматтагылар да бар. Мисалы бул жерде Лейлек районунун акимчилигинде иштегендердин жери бар. Быйыл картошка айдады. Тогуз-булак айылына барчу суу ушуларга берилип, айылга суу жетишсиз болууда. Бул мыйзамсыз», - деди Жороев.

«Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын илимий кызматкери Мусурманкул Таштановдун айтымында, социалдык абалы оор, миграция менен жанын баккан адамдар токой чарбасынын жерин 5 жылдан 50 жылга чейин ижарага алып, жашоо шартын жакшыртса болот.

«Жерлер жер кыртышын оңдоо максатында ижарага берилген. СССР убагында жол салынып, жер кыртыштары бузулган. Аны оңдоо максатында калыбына келтирүү үчүн көп жылдык бак-дарактарды отургузууга милдеттендирип, ижарага бергенбиз. Анда биздин талапка жооп берген ижарачыларга 3 шарт менен бергенбиз», - деди Таштанов.

Деген менен аталган аймактарда көп жылдык дарактарды көрүүгө болбойт. Тескерисинче эгин айдалып, Тогуз-Булак айылына суу тартыштыгын жаратат.

«Мындан ары мындай абалды көзөмөлдөп, кийинки жылдан баштап өз багытында иштетүүгө үндөйбүз. Ал жерде менин жерим жок. Болгону таанышымдын жери бар. Ал быйылча иштетпейм, иштетип тургула деген. Суу тартыштыгын жерлердин ижарага берилгени менен байланыштырбаш керек. Быйыл суу тартыштыгы бардык жерде болду, жыл кургакчыл болду», - деди Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.

Лейлек токой чарбасы 215 ижарачы менен келишим түзгөн. Алардын арасында жашоо шарты оор үй-бүлөлөр менен кошо өлкө ичиндеги жетекчилик кызматта тургандар да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×