Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 12.10.2018 09:23

Майлуу-Сууда грек-рим күрөшү, таяк тартыш боюнча эл аралык турнир өттү (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында грек-рим күрөшү жана таяк тартыш боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

6-8-октябрь күндөрү өткөн турнир «Апрель элдик революциясынын баатыры» төш белгисинин ээси, Майлуу-Суу шаарынын кулуну Бостонбаев Максат Өзгөрүшевичтин жаркын элесине арналып, шаардык мэрия жана спорт комитет тарабынан 6-ирет уюштурулду. Ага Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри З.Батырбекова, грек-рим федерациясынын вице-президенти К.Исаев күбө болуп, Кыргызстандын 7 дубанынан 200дөн ашык жана Тажикстандан 25 спортчу келип катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга спорттук кийимдер, медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×