Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 11.10.2018 22:46 Жаңыланды: 12.10.2018 10:37 На русском

Ошто атасы чынжыр менен тушап койгон 9 жаштагы кыз балдар үйүнө жайгаштырылды

Turmush -  Ош шаарынын тургуну көчөгө көп чыкканы үчүн 9 жаштагы кызын тушап койгон. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 5-октябрында Ош шаарындагы эс алуучу бакта бир бутуна чынжыр байланган кыз жүргөнү тууралуу жарандар тарабынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгына билдирилген. Маалыматты тактоо үчүн барган ыкчам-тергѳѳ тобу чындыгында эле 2009-жылы туулган кыздын бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжыр бар экенин кѳрүшкѳн. Окуяны тактоо үчүн окуучу кызды тергѳѳ кызматына алып келишкен.

Кыздын кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, аны атасы чынжыр менен тушап, байлап койгон. Ал эми атасы кызы ѳзгѳчѳ тентек болуп, кѳчѳгѳ кѳп чыга бергени үчүн биринчи ирет эле коркутуп коюу максатында ушундай ишке барганын айтты.

Алгачкы тергѳѳнүн жүрүшүндѳ маалым болгондой, кыз тушалган боюнча сыртка качып чыккан. Бир бутундагы чынжыр болт менен бекитилгендиктен аны оңой эле чыгарып алган. Ал эми экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан чыгара албай, ошол бойдон жүргѳн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда ар тараптуу иликтѳѳ, тергѳѳ иштери улантылууда.

--------------------------------------------------------------------------

Кийинчерээк Ош шаарынын мэриясы 9 жаштагы кыз «Боорукердик» балдар үйүнө окуя болгон күнү, тактап айтканда 5-октябрда жайгаштырылганын билдирди. Ал эми атасы аталык укуктан ажыратылышы мүмкүн.

«9 жаштагы кыз коопсуздугу үчүн азырынча балдар үйүндө болот. Учурда абалы жакшы.
Атасына кылмыш иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деп билдирди Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтымында, чынжыр менен тушалган кыз шаардагы И.В.Панфилов атындагы орто мектебинде 4-класста билим алып жаткан.

«Атасы көрсөтмөсүндө аялы — кызынын апасы оорукчан экенин айткан. Кызы үйдөн кача бергендиктен коркутуу максатында чынжырлап койгон. Өзү эч жерде иштебейт. Кыздан башка 2 баласы бар, үй-бүлөнүн жашоо шарты оор экен.

Соттун өкүмү чыкса атасын аталык укуктан ажыратабыз. Учурда кыздын 2 бир тууганы тууралуу маалыматтарды текшерип жатабыз», - деди Г.Раева.

«Боорукердик» балдар үйүнүн жетекчиси Бермет Токтосунованын айтымында, чынжырланган кыз менен психологдор да иштешип жатат.

«Учурда кыздын абалы жакшы. Аны эшикке чыгара элекпиз. Азыр балдарга кошула баштады. Сабактагы көрсөткүчү жакшы эмес экен, окуусуна да жардам беребиз», - деди Б.Токтосунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×