Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 11.10.2018 18:52

Эл аралык кыздар күнү: Оштун жетекчисинин убадасы, Зеренин сынчыларга айткан жообу (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-октябрда Ош шаарындагы Бабур атындагы драм театрында Кыздардын эл аралык күнү белгиленди. Бул иш-чарага аймактык кабарчы да күбө болгон.

Иш-чарага 600гө чукул жаштар катышып, кыздар тууралуу тартылган роликтерге күбө болушуп, активисттерден, мугалимдерден кыздар тууралуу кеп-кеңеш алышты. Ошондой эле иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, БУУнун координатору, «Кыз» аттуу ырдын аткаруучусу Зере Асылбек кызы да катышты.

Иш-чарага чогулган жаштарга Зере Асылбек кызы клиби тууралуу баяндап, кыздардын коомдогу укугу, эркектер менен бирдей экендигин баса белгиледи.

«Мен клипте айтайын деген оюмду адамдар түшүнбөшү да мүмкүн. Ар бирибиз эркинбиз. Ошол эркиндигибизди коргошубуз керек. Анткени эркин экенибизди кээ бир адамдар унутуп калды. Ар бирибиз башканын пикирин сыйлап, чын жүрөктөн каалаган ишибизди жасап, башкалардын пикирине да сый-урмат менен мамиле кылуубуз абзел», - деди Зере.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстандагы кыздардын 25 пайызы 9-классты аяктагандан кийин билимин улантышпайт. 15-19 жаштагы кыздардын 14 пайызы эрте никеге туруп, үй-бүлөлүү болушуп, эрте төрөө коркунучунда турат. Ал эми кыздардын 54 пайызы өгөй ата тарабынан зордук-зомбулукка кабылышат. 15-19 жаштагы кыздардын 31 пайызы болсо аз кандуулук менен жабыркап келишет. БУУнун кыздардын абалын жакшыртуу боюнча долбоору Ош облусунда биринчи ирет иштеп жатат.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кийинки жылы Ош облусунда жогоруда айтылган статистикалар кыскарарын убадалады.

«Бул боюнча мыйзамдарды аткарууга колубуздан келишенче аракет жасайбыз. Буюрса ата-энелер менен тыгыз иштешип, кыздардын коомдогу абалын жакшыртууга аракет жасайбыз», - деди У. Жылкыбаев.

Бул маселенин аткарылышын Жогорку Кеңештин депутаттары көзөмөлдөрүн Айнуру Алтыбаева билдирди.

«Бул мыйзамдын аткарылышын парламент депутаттары көзөмөлгө алат. Аны өкмөт өз деңгээлинде аткарат деп ойлойбуз», - деди А.Алтыбаева.

БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында 11-октябрь — Эл аралык кыздардын күнү катары 2011-жылы жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×