Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.10.2018 14:59

Тойдо устукан талашып чыр салган карыя, жүз аарчыга оролгон түйүнчөктөгү белек... Тамада М.Өмүрбаевдин окуялары (сүрөт)

Turmush -  Нарындык тамада, теле алып баруучу Майрамбек Өмүрбаев тойлордун биринде эне тууралуу ырды көркөм окуп, үбөлөнүп калган 100 сомдуктарды алган. Каарманыбыз менен аймактык кабарчыбыз таанышты.

Майрамбек Өмүрбаев 1993-жылы 2-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн.

«Биздин убакта бала бакча жок болгондугуна байланыштуу дароо эле мектепке баргам. Билим уясынын босогосун 2000-жылы аттап, 2011-жылы аяктагам. Ошол эле жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетине бюджеттик негизде өткөм. Студент кезимдин 2-жылы жатаканада өттү. Ошол жактан эң жакын досторду таптым, тааныш күттүм, чыйралдым дегендей. Азыркы жетишкен ийгиликтериме окуу жайымдын салымы чоң. 2015-жылы окууну аяктап, дипломду алуу үчүн 2 жыл мамлекеттик жумушта иштеш керек болду. Ансыз диплом берилбейт эле. Нарынга келип, дароо эле Ү.Асанов атындагы жатак мектепке жумушка орноштум. Муну менен катар Нарын телеканалында алып баруучу болуп да иштедим. Учурда дал ушул жерде үзүрлүү эмгектенип жаткан кезим», - деди ал.

Майрамбек Өмүрбаев чыгармачылык менен мектеп жашынан баштап алектенип, журналистика тармагында эмгектенген.

«Мектепте окуп жүргөндө ар кандай кароо-сынактарга, маданий иш-чараларга активдүү катышчумун. Анын натыйжасында азыр үйдө мектеп курактагы диплом, грамоталарым бар. Кийин студент болгондо да көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум. Өз факультетимдин президенти болуп, 2 жыл иштедим. Андан сырткары радиодо диджей, бир студияда кабарчы болуп эмгектендим. 2015-жылы "Сенден башталган өмүр" аттуу китебимди чыгаргам», - деди ал.

Мындан тышкары Майрамбек 4-5 жылдан бери атайын чакыруулар менен тамадалык кызматты аркалап келет.

«Чыгармачылыкка келишиме кичинекей кезимдеги таенемдин жомоктору түрткү берди го деп ойлойм. Кийин, эс тартканда адам болуп калыптанышыма таякемдин салымы зор болду. Таякем да студент кезинде ыр жазып жүрүп, кийин таштап койгон экен. Өзү куйкум сөздөрү менен далай элди таң калтырып келет. Тамадалык менен акындык өнөр таякемден өткөн таберик десем туура болор.

Жашоо бул — катасыз чече албаган тапшырма да. Андыктан ар бир күн эсте калат. Күндүзү талаада, түнкүсү тамада болуу менен жаштыктын таңы атып, шаңы жаңырып турган кези. Кызыгы, ушул тамадалык өнөр аркылуу сүйлөшкөн кызымды тапкам. Буюрса, жакында үй-бүлө куралы деген изги тилегибиз бар», - деди жаш тамада.

Каарманыбыз тамадалык милдетин аткарып жаткан учурлардагы кызыктуу окуяларды жылмаюу менен эскерди.

«Бир жолу тойдо улгайган апага “Эне” деген ырды окуп бердим. Музыкант байке да келиштире музыкасын коюп берди. Келген элдин баары ыйлап, апабыз да бир топ жашып алды. Аңгычакты чөнтөгүнөн жүз аарчыга оролгон бир нерсе алып чыкты. Бир нече жүз аарчыга оролгон түйүнчөктүн ичинде үбөлөнүп калган 100 сомдуктан төртөө бар экен. Мына ушул акчаларды ыраазы болгон жүзү менен мага берди. Ал акчалар колдонууга таптакыр болбой калган эле. Бирок ошондогу эненин ыраазы болгон жүзү азыр да эсимде. Дал ошол акчалар менин жашоомдогу эң кымбат, баа жеткис белек десем жаңылышпайм.

Дагы бир тойдо ушундай эле апабыз эт тартарда чыр салып кирди. "Ай, туугандар, мен бүгүн жамбаш албайм. Бир жамбаш берип коюп, кайра бир койго банкрот кылат экенсиңер" деп таптакыр эле сыйлуу устуканды албай, далы алганын эстеп, дагы эле күлүп алам.

Буюрса, келечекте элдин кызматындагы адам болгум келет. Апам да: " Элдин уулу бол!" деген тилегин дайыма айтып келет. Келечекте мыкты уул, камкор ата жана мекенчил инсан болуу менин эң негизги максатым», - деди М.Өмүрбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×