Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 11.10.2018 19:35 На русском

Баткенде көздүн саламаттыгын сактоо күнү белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 11-октябрда Баткен облусунда Бүткүл дүйнөлүк көрүүнүн саламаттыгын сактоо күнү белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Аталган иш-чаранын максаты — коомго көз ооруларын алдын алуу, азайтууну кулактандыруу.

2017-жылдын 29-мартында Баткен облустук бириккен ооруканасында көз ооруларын дарылоо жана операция жасоо бөлүмү ачылган. Аталган бөлүм ачылгандан бери облуста ар кандай көз оорусуна чалдыгып кайрылгандардын саны 944 адамды түзгөн. Ал эми атайын диогноз койдуруу, дарыгерге көрсөткөндөрдүн саны 9056 адамга жетти. Анын ичинен 5678 бейтап аялдар болсо, 3387 бейтап эркектер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×