Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.10.2018 17:27 На русском

Кара-Көл шаары күз-кыш мезгилине толук даяр эмес

Turmush -  Кара-Көл шаары күз-кыш мезгилине азырынча даяр эмес. Бул тууралуу шаардык кеңештин 21-сессиясында айтылганын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сессияда депутаттар жол тейлөө ишканасы, Кара-Көл райондук РЭТ ишканасы, Токтогул ГЭСтер Каскадынын жылуулук берүү цехи, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы кышка толук даяр эмес экендигин айтышты. Шаардагы электр отказандарынын бирөөсү гана 90%га даяр, калган үч отказан 75%га гана даяр. Ал эми №30 жол тейлөө ишканасы кышка 45%га даяр экени айтылды.

«Көмүр боюнча аз камсыз болгон, жалгыз бой, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам таратып беребиз. Айыл жергесиндеги айыл өкмөттөр менен кышка даярдык иштери уланууда. 1-ноябрда даярдык иштери башталат. Учурда даярдык 75%ды түздү», - деди мэр И.Еркеев.

Ал эми биринчи вице-мэр Калыбай Өскөн уулунун айтуусунда, шаарды жылуулук менен камсыз кылуу үчүн төрт электр откана иштейт. Алардын жалпы кубаттуулугу Р-42 мВт жана жылуулук берүү түтүкчөсүнүн узундугу 46,2 чакырым. Жылдык пландын негизинде график боюнча бардык электр отказандарга капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Мисалы, «ЦТС» электр отказандары 90%га оңдоодон өткөрүлгөн. Калган жардамчы жабдыктар белгиленген графиктин негизинде оңдолууда. Бүгүнкү күндө «Тавашаров» электр отказандары 75%, «Бекташ», «ДСР» электр отказандары 75% оңдоп-түзөөдөн өкөрүлдү.

Ал эми бюджеттик ишканалардагы трансформаторлор күз-кыш мезгилине даяр. Шаардагы социалдык объекттер, борбордук, индивидуалдык жылытуу тармагы аркылуу жылытылат. Шаарда 6 орто мектеп, 2 башталгыч мектеп, 5 бала бакча бар. Мектептерден 2 орто жана 2 башталгыч мектеп индивидуалдык система менен жылытылат. Ал эми 4 мектеп жана бала бакчалар борбордук жылуулук тармагына кошулган», - деди биринчи вице-мэр.

1-вице-мэрдин маалыматы сессияда депутаттардын колдоосуна ээ болгон жок. Депутаттар РЭС, ДЭП, ШМББнын, Токтогул ГЭСтер Каскадына караштуу жылуулук берүүчү цехинин жетекчилеринине кышка даярдык боюнча бир катар суроолорду беришти. Бирок, депутаттар алардан канааттандырарлык жооп ала алышпаганын айтышты. Натыйжада депутаттар азырынча күз-кышка даярдык жакшы эместигин айтып, бул боюнча маселени туруктуу комиссияда кайра карашарын белгилешти.

Ошондой эле шаардык кеңештин депутаттары буга чейин чатырынан суу өтүп келген Кетмен-Төбө айылындагы К.Хуриев атындагы орто мектептин жана «Келечек» балдар бакчасынын иши боюнча суроо беришти. Алар эки объектке тең бюджеттен акча бөлүнгөнүн айтышып, ал иштер кандайча аткарылганын сурашты. Жыйынтыгында И.Еркеев бул маселе боюнча бөлүнгөн акчалар максаттуу жумшаларын жана аталган объектилердин долбоорлору даярдалып, тендерге коюлганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×