Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 11.10.2018 17:22

ОГПИ: Бүтүрүүчүлөр түштүктөгү студенттерди спорттук мелдешке чогултушту (сүрөт)

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин ортосунда спорттун алыш күрөш жана таяк тартыш түрлөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мыкты балбандарды беттештирген бул мелдеш аймактардагы студенттердин ортосунда достукту бекемдөө, аларга шык берүү жана коомчулукту спортко үндөө максатында ОГПИнин дене тарбия факультетинин 2008-жылдагы бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулган. Кечээ, 10-октябрдагы мелдештин жыйынтыгы менен байгелердин ээлери да аныкталды, деп маалымдайт окуу жайдын басма сөз кызматы.

Мелдештин салтанаттуу аземин институттун ректору Б.Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө бүтүрүүчүлөр 10 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүп тим болбостон, жаш спортчуларга көңүл бөлүү менен ушундай мелдешти демилгелегенин белгиледи. Ошондой эле байге фондун кошо топтогон уюштуруучуларга, алыс-жакындан келген конокторго окуу жайдын атынан ыраазычылык билдирип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

10 жылдык жолугушуунун алкагында демилгеленип уюштурулган бул таймашка БатМУнун, ЖАМУнун, ОшМЮИнин, ОшКӨУнун, ОшТУнун, ОшМУнун жана ОГПИнин студенттери катышып, спортчулар ар түрдүү салмак даража боюнча кызыктуу мелдеш көрсөтүштү. Ошондой эле оюндун жүрүшүндө балбандар үчүн ОГПИнин профсоюз комитети, чарба иштери боюнча проректору жана башка күйөрман агайлар тарабынан кызыктыруучу байгелер коюлуп, өзгөчө ыкма менен кызыктуу оюн көсөтүп жаткан спортчуларга ыйгарылды.

Мелдеш эл аралык аренадагы калыстардын көзөмөлү менен өткөрүлүп, күрөш аянтынын чеберлери жана таяк тартууда мыктылыгын көрсөткөн балбандар аныкталды. Жыйынтыгында ар бир салмак боюнча байгелүү орундардын ээлери аныкталып, I, II, III орундарды камсыздаган спортчу студенттер диплом, медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөр

Таяк тартыш боюнча командалык эсепте:

- I орунда ОГПИ;

- II орунда БатМУ;

- III орунда ОшМУ.

Алыш күрөш:

60 кг салмакта

- III орун А.Мырзабеков, ОшМУ;

- II орун Т.Абдижалил уулу, БатМУ;

- I орун Ө.Үсөн уулу, БатМУ.

70 кг салмакта

- III орун Т.Бекташов, ОГПИ;

- II орун А.Сейитали уулу, ОшМУ;

- I орун А.Шарабидин уулу, ОшМУ.

80 кг салмакта

- III орун А.Имаралы уулу, БатМУ.

- II орун Т.Намазбеков, ОшТУ;

- I орун Э.Сексенбаев, ЖАМУ.

80 кг жогорку салмакта

- III орун Ж.Матабаев, ОГПИ;

- II орун Э.Талантбек уулу, ОшМЮИ.

- I орун К.Кубаныч уулу, ОГПИ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×