Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусу, Токмок 11.10.2018 16:22

Токмокто социалдык мекемелерге көмүр түшүрүлүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз 100дөй үй-бүлөгө кышка карата 3000 сомдон акчалай жардам берилди. Ошондой эле шаардагы социалдык мекемелерге 638 тонна көмүр алынып келгенин мэриядан билдиришти.

Учурда шаардын аймагында эки көмүр базасы иштеп жатат.

«Бардык социалдык мекемелерге көмүр жеткирилип берилүүдө. Ошондой эле Жантаев көчөсүндөгү базада Шабыркул, Токмок көчөсүндө Каражыргач көмүрлөрү сатылууда. Ал эми көмүр сатуучулардын айрымдары Кара-Кечеден ташып келишүүдө. Эсеп боюнча токмоктуктар жыл сайын 15 миң тонна көмүр сарпташат. Учурда көмүр 4000 сомдон 4200 сомго чейин сатылууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×