Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.10.2018 15:04 На русском

Кара-Балтада 32 жаштагы айдоочу аял окуучу кызды сүзүп кетти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-октябрда саат 12:30 чамаларында Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жол кырсык катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Күбөлөрдүн айтымында, 32 жаштагы айдоочу аял унаасы менен окуучу кызды сүзүп кеткен. 5-класстын окуучусу Почта көчөсү менен мектепке бара жаткан. Башкаруусун жоготкон унаа кызды, андан кийин бакты сүзүп токтогон.

«Окуучу кыз жолдон өткөн унаалар менен ооруканага жеткирилди. Андан кийин келген тез жардам кызматы шок абалдагы айдоочу аялды алып кетишти», - деп билдиришти күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×