Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 11.10.2018 13:03 На русском

Баткенде пара алып жаткан жеринен бир нече чиновник кармалды (видео)

Turmush -  Баткенде Бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери жүгү бар унаалардын токтоосуз өтүшү үчүн ишкерден пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, ишкерлерден чек арадагы «Кызыл-Кыя-автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Өзбекстандан келе жаткан унааларды өткөрүү үчүн акча алып жаткан чиновниктерге карата чара көрүү жөнүндө даттануулар түшкөн. Иликтөө учурунда ишкерлерден акча алуу боюнча иштелип чыккан схема аныкталды. Аталган фактылар боюнча пара талап кылуу, пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен кылмыш иш козголду.

- Иликтөө учурунда 1,2 миң доллар пара алып жаткан жеринен Баткен бажысынын инспектору Ж.Э. кармалды;

- 2000 сом пара алып жаткан жеринен «Кызыл-Кыя-автожол» пунктунун инспектору Д.М. кармалды;

- 1000 сом пара алып жаткан жеринен Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин Баткендеги башкармалыгынын адиси Т.А. кармалды.

Мындан тышкары Бажы кызматкеринин кызматтык бөлмөсүн тинтүү учурунда сейфтин алдынан 4 миң доллар жана 4 миң сом табылган. Ал эми Айыл чарба министрлигинин кызматкеринин кабинетинен 11 миң сом, чек арачынын кабинетинен 28 миң сом табылды. Аталган каражаттар алынып, кылмыш иштин материалдарына кошо тиркелди. Азыркы учурда аталган адамдар 2 айга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×