Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.10.2018 11:46 На русском

Түптөгү тургундун үйүнөн 72 кг марихуана табылды (сүрөт)

Turmush -  Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ири өлчөмдөгү баңгизатты аныктоо жана жок кылууга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын сентябрь айында аталган кызматтын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери баңгизатты жеткирүү каналын табуу жана жок кылуу максатында Ысык-Көл облусунун бир нече районунда ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө аныкталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 247-берененин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иш козголгон.

Ал эми 6-октябрь күнү козголгон кылмыш иштин алкагында Түп районундагы айылдардын биринде жашаган 1970-жылы туулган С.Ж.нын үйү тинтүүгө алынган. Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бөлмөлөрдүн биринен кочкул жашыл түстөгү спецификалык жыты бар 6 мүшөк баңгизат табышты. Экспертизанын маалыматы боюнча, табылган баңгизат марихуана болгон, жалпы салмагы 72 кг 500 граммды түзөт.

С.Ж. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, баңгизатты таратууга тиешеси бар башка адамдарды издөө улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×