Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баракелде, Бишкек 11.10.2018 10:50 На русском

Министр Таалайкүл Исакунова кызматынан бошотулду

Turmush -  Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкүл Базаркуловна ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-октябрда билдирди.

Ал тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ага Т.Исакунованын арызы негиз болгон.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси Т.Исакунова 1967-жылы Нарындагы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 4 баланын апасы.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп 2016-жылдын ноябрь айынан бери эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×