Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.10.2018 08:31

Кара-Көлдө Балдар чыгармачыл үйүнө Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Балдар чыгармачыл үйүнө залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Мындай чечимди 10-октябрда шаардык кеңештин 21-сессиясында депутаттар кабыл алышты.

Жыйында шаардык кеңештин депутаты Ж.Матназарова Ч.Айтматовдун ысымын Балдар чыгармачыл үйүнө ыйгарууну сунуштап, депутаттар аны колдоого алышкан.

«Быйыл улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Балдар чыгармачыл үйүнө ысымын ыйгарууну көздөгөнбүз. Бул үй Ленин көчөсүндө жайгашкан, анда 500дөн ашык окуучу билим алса, 17 мугалим эмгектенет. Шаардык деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышып келишет.

Быйыл «Ысык-Көл досторун чакырат» эл аралык фестивалына Балдар чыгармачыл үйүнүн өспүрүмдөрү катышып, баш байгеге ээ болушту. Ошондой эле 1-орун жана 4-орундарды ээлешти. Буга чейин Балдар чыгармачыл үйүнүн аты жок болгон. Ошондуктан залкар жазуучунун ысымын ыйгаруу сунушталган», - деди Ж.Матназарова.

Ал эми депутаттар бул маселени бир добуштан колдоп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×