Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.10.2018 17:36 Жаңыланды: 11.10.2018 08:22 На русском

Базар-Коргондо 19 жаштагы айылдашын бычактап өлтүргөн жаран 20 жылга кесилди

Turmush -  Базар-Коргон районунда автобекетте 19 жаштагы айылдашын бычактап өлтүргөн жаран 20 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук сотунун 2018-жылдын 11-сентябрындагы өкүмү менен М. уулу Н. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-10-пункттары менен (киши өлтүрүү) күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Райондук соттун өкүмүнө карата апелляциялык тартипте даттануу болгон жок.

Буга чейин Базар-Коргон районуна караштуу автобекетте эки жигит бычакташып, 19 жаштагы жигит алган жаракатынан улам каза болгондугу маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы жабырлануучу кан көп жоготуп, ошол жерде каза болгон.

«Бул окуя боюнча Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе ошол эле айылдын 1994-жылы туулган тургуну шектүү катары кармалды. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Ал эми шектүү Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп билдиришкен ОИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×