Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 11.10.2018 08:00 Жаңыланды: 11.10.2018 19:00

«Тагдыр»: Моюну сынгандан кийин сүйлөбөй, баспай калган 26 жаштагы Салмоорду апасы кайра бутуна тургузду (фото, видео)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылынын 26 жаштагы тургуну Салмоор Аматов сууга секиргенде моюнун сындырып алып, майып болуп калган. Анын жүлүнү кысылып калгандыктан сүйлөбөй, буттары жана колдору кыймылдабай калган болчу. Бирок ал тынымсыз машыгуудан жана дарылануудан кийин кайрадан бутуна туруп, сүйлөп баштады. Ал мындай жыйынтыкка жеткенине апасынын салымы зор экенин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

Өзүнүн айтымында, ал ОшМУнун финансы-юридикалык колледжин аяктаган. Учурда ден соолугуна байланыштуу үйдө жана убактысын машыгуу менен өткөрөт.

«2011-жылы 19 жашымда сууга секире коюп, моюнумду сындырып алгам. Ошондо 4-5-моюн омурткам сынып кетиптир, жүлүнүм катуу кысылып калгандыктан колу-бутум иштебей, кыймылдабай калгам. Басып жүрүп эле кыймылсыз жатып калуу өтө оор экен. Бирок депрессия болгон жокмун, кыйынчылыктарды жеңүү үчүн сабыр кылып чыдадым.

Ооруканаларда дарыланып жүрүп, кийин Крым жана Саки шаарларындагы реабилитациялык борборлорго бардым. Андан соң, Казакстандын Талдыкорган, Алмата шаарларында дагы дарыландым.

Ооруп калгандан бери мени апам карап келет. Тамак-ашымды даярдап, жуунтуп, массаж жасап берип, бардык жактан жардам кылат. Сезон сайын мени чет өлкөлөрдөгү ооруканаларга алып барып дарылатат. Апам кесиби боюнча медициналык кызматкер. Мени карап жаткандыгына байланыштуу иштебейт. Апам дайыма: "Балам, сен күчтүүсүң, сабырдуусуң. Кудай кааласа басасың, бул убактылуу нерсе" деп айтат.

Апамдын мындай колдоосу менин жашоого болгон көз карашымды өзгөртүп, келечекке болгон үмүттөрдү пайда кылат. Мен кубансам, ыйласам дагы дайыма жанымда. Апамдын жардамы, колдоосу менен басып, сүйлөп калдым. Учурда абалым жакшы. Эми дагы көптөгөн ийгиликтерге жетем деген үмүттөмүн», - дейт Салмоор.

Анын айтымында, атасы ал ооругандан кийин 2 жылдан соң каза болуп калган. Үй-бүлөдө беш бир тууган — агасы, эжеси жана эки иниси бар.

«Эң негизгиси ооруга эч качан моюн сунбай, адам өзүн таштап салбашы керек экен. Дайыма сабыр кылам, мага оор болгон күндөрү менден дагы абалы оор адамдар бар экенин эстейм. Досторум дагы мага моралдык жактан колдоо көрсөтүп, дайыма кубаттап турушат. Кошуналарым менен маектешип отурганды жактырам. Мага окшоп ооруган адамдардан кабар алам. 1-топтогу майып болгондуктан 2500 сом пенсия алам.

Мындан сырткары, убактымдын көбүн машыгуу менен өткөрөм. Буттарымды иштетүү үчүн ар кандай көнүгүүлөрдү жасайм. Эми буюрса толук жакшы болуп кетсем, кийин өзүмө окшогон адамдарга жардам берүү максатында кайра калыбына келтирүүчү борбор курууну тилек кылып жатам», - деди Салмоор.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×