Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.10.2018 15:11 На русском

Түптө 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган тургун катуу сабалгандан кийин ооруканада каза болгон

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган адам мас абалда болчу жана ооруканага түшкөндөн кийин 10 мүнөт өткөн соң каза болду. Аймактык ооруканадан алынган маалыматка караганда, Сары-Дөбө айылынын 1988-жылы туулган тургуну Ж.К. медициналык мекемеге саат 01:37де оор абалда келип түшкөн. Ал баш сөөгүнөн, курсагынан жана төшүнөн жаракат алып, ички органдары жарылып кеткен.

«Ал ооруканага түшөөрү менен жүрөгүнө массаж, дексаметазон жасалган. Дарыгерлер тарабынан кайра жандандыруу иштери өз убагында жасалды. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Ал ооруканага түшкөн соң, 10 мүнөттөн кийин каза болуп калды», - деп билдиришти дарыгерлер.

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы Түп районунун тургуну 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган 30 жаштагы таанышын өлтүрө сабагандыгын маалымдаган болчу.

Маалыматка караганда, 8-октябрда Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде жергиликтүү тургун улгайган аялды зордуктоого аракет кылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-оперативдүү тобу барган. Күбөлөрдү суроо учурунда ошол эле күнү саат 19:00 чамасында 30 жаштагы тургун мас абалында таанышынын үйүнө кирип, 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылганын айтышкан. Коркуп кеткен аял кыйкырып, жардамга чакырган. Апасынын кыйкырганын уккан 30 жаштагы уулу чуркап кирип, мас абалдагы тургунду күч менен короого алып чыгып, катуу сабап салган. Жаңжал болуп жаткан жерге кошуналары аймактык милиционерди чакырышкан. Мындан кийин райондук милицияга жана ооруканага билдирүү беришкен.

Денесине оор жаракат алган жаш жигит райондук ооруканага жеткирилип, эс-учуна келбестен көз жумган. Анын денесине оор жаракат келтирген шектүү дагы ооруканага жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алган.

Ал эми зордуктоого аракет кылуу фактысы Тоң РИИБ тарабынан каттоого алынып, денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин 4-бөлүмү (жабырлануучунун денесине өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×