Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 10.10.2018 11:41 На русском

Кадамжайда 17 баш койду унаа сүзүп өлтүрдү (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылында 17 баш койду автоунаа сүзүп өлтүрдү. Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, окуя 7-октябрда саат 20:30 чамасында «Фольксваген Гольф II» үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда болгон.

Аталган автоунаа эл аралык Ош—Исфана жолу менен Баткен тарапка бара жаткан. Ноогардан айылына жеткенде алдынан элүүгө чукул койлор чыгып, караңгы болгондуктан айдоочу аларды дароо байкаган эмес. Ал эми койлорду ээси айдап бара жаткан.

Бул факты боюнча Кадамжай РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө, тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×