Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
10.10.2018 08:05

Айыл турмушу: Кочкорлук Жакан апа тандыр нан жасоонун сырларын балдарына да үйрөттү (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун 68 жаштагы тургуну Жакан Салимова 40 жылдан ашык убакыттан бери тандырга нан жаап, үй-бүлөсүн багып келген. Аны менен аймактык кабарчы баарлашты.

Жакан апа 25 жашынан тарта Кочкор районунда биринчилерден болуп тандырга нан жаап, сатып баштаган. Кочкорлуктар «Жакандын наны» деп мактап алышат.

«Тандыр нан жасоонун сырларын балдарыма да үйрөткөм. 7 баламдын үчөө биздин ишти улантып жатышат. Уулум Балыкчыда, кызым Бишкекте, колумдагы уулум Айтбай Кочкордо тандыр нан жасоо менен алек. Балдарды багуучу үчүн абышкам экөөбүз Кочкор районунда биринчилерден болуп тандыр нан жасап, сатып баштаганбыз. Абышкам тандырды өз колу менен жасап берген. Учурда кичүү уул-келиним тандыр нан жасашат. Мен көзөмөлдөп, кээде көз салып турам. Ишимди балдарга өткөрүп бергем», - деди ал.

Анын айтымында, жумуш таңкы саат 06:00дө башталат. Ал эми тандырдын өзүн атайын Бишкектен алып келип орнотушкан.

«Саат алтыда 1,5 мүшөк унду кол менен жууруп, камыр ачыганда таразага тартып, тандырга от жагып, күнүмдүк иш башталат. Күз мезгилинде тойлорго буйрутма бергендер да арбын. Тандыр нан даамдуу болушу үчүн эч кандай көптүргүчтөрдү кошпой, май гана кошуп жасайбыз. Кардарларыбыз ушул жерден келип алып кетишет. Алар жакшы пикирлерин айтып турушат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×