Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 09.10.2018 14:25

Кадамжайдын Чандеки, Тамаша айылдарында интернет иштей баштады

Turmush -  Кадамжай районунун Чандеки, Тамаша айылдары интернетке туташтырылды. Бул тууралуу Чандеки айылындагы Х.Жаныбеков атындагы мектептин кыргыз тилчи мугалими Жайнагүл Балтакозуева билдирди.

«Буга чейин бизде интернеттен бир маалыматты тактоо же көрүү үчүн бир топ кыйынчылык жаралып келген. Интернет деген аты эле болбосо, ылдамдыгы начар болуп, эч нерсе көрө алчу эмесбиз. Азыр интернеттин ылдамдыгы жакшы болуп, бир кыйла ишибиз оңой болуп калды. Социалдык тармактардан эч токтоосуз видео, сүрөттөрдү көрүп жатабыз. Мектептерде вай-фай орнотулса, сабактарды чоң экран менен өтүп, компьютерлерди иштетмекпиз», - деди ал.

Чандеки айылынын тургуну Максат Пайзулла уулунун айтымында, буга чейин интернет иштебей калган. Мындан улам айыл жаштары демилге көтөрүп чыгышкан.

«Жаштар айылга интернет тарттыруу боюнча демилге көтөрүп чыгып, элден кол топтодук. Андан кийин атайын компаниялардын бирине барып, арыз менен кайрылганбыз. Алар биздин маселебизди чечип беришти. Азыр интернет иштеп, жакшы болду, эл да кубанууда. Интернет Тамаша айылына коюлган. Биздин сайларда байланыш жакшы болбой калууда. Бирок көчөлөрдө, бийик жерлерде токтоосуз видео көрүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×