Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуКочкор району 09.10.2018 08:26

Айыл турмушу: Кочкорлук уста М.Көбөгөновдун чапкан комуздарын жубайы текшерип берет (фото)

Turmush -  Кочкор районунун тургуну Муратбек Көбөгөнов 12 жылдан бери комуз чаап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, комузга керектүү материалдарды Ысык-Көл облусунан алып келет. Чапкан комуздарынын добушун жубайы текшерип берет. Ал комузду кургак жерде сактоо зарылдыгын белгиледи. Эгерде ным жерде туруп калса, жыгач көөп кетип, кылдары бошоп, кулактарын бураганда күч келип сынышы мүмкүн. Кылдарды да туура тагуу керек. Ичке кылдар комуздун үнүн чыңкылдак кылып чыгарат.

«2006-жылдан баштап комуз чаабууга кызыгуум артып, аракет кылып, биринчи комузду чапкам. Даяр болгон комузду атактуу комузчу Зайнидин Иманалиевге көрсөтүп, ал кишинин кеңешин алам. Аялым да комузду жакшы чертет. Үйдөн аялыма черттирип байкап көрөбүз. Ал нота боюнча «ля же си болуптур» деп кемчиликтерин айтат.

Комузду алма, алмурут, өрүк, кара жыгач жана карагайдын жыгачынан жасоого болот. Азыркы учурда карагайдын жыгачынан чаап жатам. Өрүк комуз чабууга ниетим бар. Бирок материал жок болууда.

Алгач жыгачты кургатып даярдап алуу керек. Андан соң үлгүсүн түшүрүп, көөдөнүн оюп алам. Капкагын, тепкесин жасап, акырында кылдарын тагып, лак чачам. Өзүмдө лак чачуучу аппарат жок болгондуктан кошунама чачтыртам. 1 комузду толук даярдоо үчүн 1 ай убакыт кетет. Чапкан комуздарымды 1500 сомдон жогору баалап сатам. Бул комуздун чоң-кичинесине жараша болот. Мындан сырткары комуздарды да оңдойм. Музыкалык мектепте окуган окуучулар көп кайрылышат», - деди ал.

Муратбек Көбөгөновдун жубайы Дилара Мурзакматова музыкалык мектепте фортепианодон сабак берет. Экөө 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×