Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 08.10.2018 14:00 На русском

Аламүдүндүк аял сексуалдык аракеттерди жасаган күйөө баласын бычактаган

Turmush -  Чүй облусундагы Аламүдүн райондук соту мурда сот жообуна тартылган Натальяга карата (ысымы өзгөртүлдү) өкүм чыгарды. Соттун токтомундагы маалымат боюнча, ал өзүнүн күйөө баласын өлтүргөн деп айыпталган.

Окуя тууралуу:

2018-жылдын 27-февралында саат 21:00 чамасында Лебединовка айылындагы турак үйдүн кожойкеси кызы Александра (ысымы өзгөртүлдү) жана күйөө баласы Виктор (ысымы өзгөртүлдү) менен бирге спирт ичимдигин ичишкен. Кызы уктап калгандан кийин Наталья шылдыңдаган сөздөрү үчүн күйөө баласынын көкүрөк тарабына 2 жолу бычак сайган. Ал эми жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.

Натальянын көрсөтмөсү:

Бул күнү кызы менен күйөө баласы азык-түлүк, алкоголдук ичимдик көтөрүп алып, анын жаңы конушун өрүлүктөө үчүн барышкан. Алар дасторкон жазып, бирге спирт ичимдиктерин ичишкен. Арадан убакыт өткөндөн кийин кызы уктап калып, ал дасторкондун үстүн жыйнап жүргөн. Ошол учурда күйөө баласы арт тарабынан келип, сексуалдык аракеттерди жасаган. Мындай аракетин эки жолу кайталап, экинчисинде катуу түрткөндө күйөө баласы жерге кулап түшкөн. Ошол учурда Наталья колуна бычак кармап жүргөн.

Жерге жыгылган Викторду аялы көргөндөн кийин тез жардам кызматына телефон чалган. Натальянын айтымында, ал күйөө баласын өлтүрүү тууралуу ойлонгон эмес. Өзүн коргоо үчүн гана катуу түрткөнүн айткан.

Ал эми Виктордун агасынын айтымында, Наталья менен кызы үйүндөгү кандын тактарын жууп кетиришкен. Мындан улам алар кылмышты жашырууга аракет кылышкан деп эсептейт.

Отурумда судья Натальяны күнөөлүү деп таап, жазасын аялдардын абагында өтөө тууралуу чечим чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×