Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 08.10.2018 12:45 На русском

Бишкек—Ош жолунда эки унаа талкаланып, жүргүнчү көз жумду (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 641-чакырымында 2 унаанын катышуусундагы жол кырсыктан бир адам каза болуп, 5 жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкталган маалымат боюнча, окуя 6-октябрь күнү саат 15:40 чамасында Кара-Суудагы Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Жаңы-Турмуш айылында болгон.

Талкаланган унаалардын бири — «Хонда Эйрвэйв» үлгүсүндөгү унааны Өзгөн районунун 1993-жылы туулган тургуну К.Э. түндүктөн-түштүккө карай башкарып бара жаткан. Ал эми «Хонда Фит» унаасын Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган тургуну С.А. башкарып жүргөн.

Кырсыктан кийин биринчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү — Өзгөн районунун тургундары:

- 1965-жылы туулган М.А.;

- 1982-жылы туулган П.Д.;

- Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну А.С;

- «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу С.А.;

- «Хонда Фит» унаасынын жүргүнчүсү — 1979-жылы туулган тургуну Ж.А. денесинен жаракат алып, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Ал эми «Хонда Фит» унаасынын жүргүнчүсү — 1975-жылы туулган С.Н. оор жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерде каза болду. Аталган кырсык боюнча учурда Кара-Суу РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×