Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Талас облусу, Талас 11.10.2018 09:11 На русском

Жеңеке: Япон кызы Венера жеңе Таласка келин болуп, азыр неберелүү болду (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 47 жаштагы Хе Венера жеңе жаңы келин болуп келгенде кайын журтун тергей албай кыйналган. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Токтогул районунда чоңойгон. Атасы япон, апасы корей улутунан.

«Атам япон, апам корей улутунан болсо дагы кыргызча жашап, кыргыз тилинде так сүйлөп калышкан. Атам Сембо (Алексей деп коюшат) эл оозуна алынган кадыр-барктуу мугалим болчу. Учурда апам Токтогулда жашайт, небере-чөбөрө жытын жыттаган кадырлуу апа. Бала чагым Токтогулда өткөн. Атам мугалим болгондуктан бизге кайсы жерде болсо дагы таалим берип жүрөр эле. Мен көпчүлүк убактымды сабак окуп, жаңы нерселерди үйрөнүп изденип өткөрдүм. Токтогул айылындагы мектепте 8-класска чейин билим алдым. 9-классты Ташкент шаарынан бүттүм», - деди ал.

Венера айым жолдошу Жылдызбек Кайсалов менен Суусамырдан таанышкан.

«Жакын курбуларымдын бирөөсүнүн туулган күнү болуп калып, майрамды Суусамырда тосмок болду. Өзү да Суусамырды көрсөтүп келерин айтып туруп алды. Анын үстүнө ал курбум ошол жакта ашканалардын биринде иштечү. Суусамырда жолдошумдун дагы ашканасы бар экен. Ошол жактан мени бир көрүп жактырып калып, көп узабай баш кошуп калдык. Ошентип 1984-жылы уктасам түшүмө кирбеген Талас жерине келин болуп келип калдым (күлүп). Келин болуп келгенге чейин Таласка бир дагы жолу келген эмес элем. Жаны келин болуп келгенде көп убакытка чейин көнө албай, сүйлөбөй жүрдүм. Улууларды тергебей, аттарынан айтып алып уялып калчумун. Кайын ата жана кайын энем менен 5 жыл бирге болдук. Үй жумуштарын жакшы жасайм. Ошондуктан келин болгонумда кыйынчылыкка көп учураган жокмун. Жолдошум бөлүнө турган бала болгондуктан кийин өзүнчө түтүн булатып, Талас шаарында жашап калдык.

Азыр кудайга шүгүр, 2 уул, 2 кызыбыз бар. Балдарыбызды окутуп, тарбия берип жатабыз. Кыз узатып, небере күтүп калдык. Баары жакшы, бир гана фамилиямды жолдошумдун фамилиясына котортууга макулдугумду берген жокмун (күлүп).

4 жылдан бери Талас шаарындагы сейил бакта балдардын көңүлүп көтөрүп, эс алуучу жай иштетип келебиз. Батут алып келип, балдарды ойнотуу жолдошумдун идеясы болгон. Жумушубуз жакшы жүрүп жатат», - деди Венера жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×