Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуСокулук району 12.10.2018 22:25

Айыл турмушу: Спорттун эки түрү менен машыккан Илгиз чемпиондорду тарбиялап жатат (сүрөт)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын 28 жаштагы тургуну Илгиз Каналбек уулу 2-классынан тарта спорт менен машыгып келет. Ал самбо боюнча спорттун чебери, ал эми дзюдо боюнча өлкөнүн эмгек сиңирген спорт чебери наамын алууга жетишти. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Илгиз: «Спортко 1999-жылы, тактап айтканда 2-классымдан тарта аралашып калдым. Атамдын бир тууган иниси күрөш боюча спорт чебери болуп, көптөгөн ийгиликтерди багындырган. Агамды көрүп, спортко кызыгып жүрдүм. Биринчи жолу агамды ээрчип, күрөш залга барганым эсимде. Алгач кыргыз күрөш менен машыгып жүрүп, кийинчерээк самбого өтүп кеттим. Самбо боюча Кыргызстандын 7 жолку чемпиону аталдым. Азия чемпиондугунда жалпы 4 жолу күмүш, 1 жолу коло байгенин ээси болдум.

Мындан тышкары 11-класстан баштап дзюдо менен машыгып келем. Дзюдо боюнча да ийгиликтерим аз эмес. Дүйнө чемпиондугунда 2 жолу күмүш байге, 1 жолу коло байгенин ээси болсом, Азия оюндарында 3 жолу, Сурдоолимпиада оюндарында 2 жолу коло медаль алдым. Мындан тышкары эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгом», - деди.

Спортчу 2011-жылы Кореянын Сеул шаарына мелдешке барып, көчөдөн адашып кеткенин эч унутпайт.

«Спорт мен үчүн — жашоо. Спорт мага көп нерсени берди, анын аркасы менен көптөгөн ишеничтүү, кыйынчылыкта колдоп, жардамга муктаж болгондо кол сунган адамдар менен достоштум. Негизи эле жашоомдогу ийгиликтин баары спорт менен түздөн-түз байланыштуу. Мелдештерде көптөгөн кызыктуу окуялар болуп келет. Анын бири 2011-жылы Кореянын Сеул шаарында болду. Анда биз мелдешке 3 күнгө барганбыз. Мелдешке барган күнү кыргызстандык спортчулар шаар көргөнү көчөгө чыктык. Арабыздан бирибиз да же тил, же шаар билбейбиз. Шаарды аралап, бир топ жолду арылтып басып, кайра түшкө маал артка кайтып барчу жолду таппай калдык. Бир көргөн шаардан кайра келген жолду табуу кыйын экен. Айлабыз кеткенде жергиликтүү полицияга кайрылдык. Алар туристтерге өтө сылык, кичи пейил мамиле жасашат экен. Ошентип 1 күн бою издеген жолубузду полиция таап берип, бизди мейманканага чейин жеткиришкен. Ошол күн чындап эсимден кетпейт», - деди ал.

Спорт чебери учурда 150дөй окуучуну машыктырып келет. Арасында Кыргызстандын чемпиону болгондор бар.

«Окуучуларымды 2010-2011-жылдан бери машыктырып келем, жалпысынан 150дөн ашык окуучум бар. Алардын жетишкендиктери, ийгиликтери менен сыймыктанам. Окуучуларымдын арасында Кыргызстандын көп жолку чемпиондору бар. Азыркы учурда 4 окуучум Кыргызстандын спорт чебери болду. Азия биринчилигинде 2-3-орунду, дүйнөлүк биринчиликте 3-орунду алган окуучуларым аз эмес. Акыркысын айта кетсем, 20-24-августта Россиянын Орел шаарында өткөн мектеп окуучулары арасындагы самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликте Кубаныч уулу Адилет аттуу окуучум күмүш байгени утуп келди.

Келечектеги максаттарым көп. 2019-жылы Азия оюндары жана 2021-жылы Сурдоолимпиада оюндары өтөт. 1-орун алуу үчүн тынымсыз машыгып, даярданып жатам. Ошондой эле окуучуларыма татыктуу тарбия бергим келет. Арасында дүйнөлүк аренада жакшы ийгилик жарата тургандары бар. Дени сак, намыскөй, жаман адаттардан алыс болгон Кыргызстандын патриотторун өстүргүм келет. Анткени балдар биздин келечегибиз» - деди ал.

Илгиз 1990-жылы 2-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылында төрөлгөн. Бирок балалыгы Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында өттү.

«Учурда аталган айылда жашайм. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусумун, эжем жана карындашым бар. Учурда келинчегим экөөбүз эң алгачкы наристебизди күтүп жатабыз. Атам Каналбек 56 жашта болсо, апам Жийдекан 52 жашта. Кудайга шүгүр, ата-энем кашыбызда, биз бактылуубуз. Алар мени ар тараптан колдоп турганы үчүн ушундай ийгиликтерге жетишип келдим. Ата-энем менин аска-зоом, таянар карааным», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×