Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 08.10.2018 10:40

Айыл турмушу: Бакай-аталык Т.Алымбекова курактарды курап, кыздардын септерин даярдап иштеп жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Маданият айылынын 54 жаштагы тургуну Толкун Алымбекова курактын түрлөрүн курап келет. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Наматбек айылынын кызы.

«Кол өнөрчүлүк чөйрөсүнө аралашуума апам түрткү болгон. Апамдан курактын түрлөрүн кураганды үйрөнүп алгам. Ал киши тигүү ишине аябай чебер эле. Мен мектепте окуп жүргөндө отургузуп алып үйрөткөн. «Пайдасы тийип калат» деп айтып калчу. Апама жардам берип жүрүп, кийинчерээк өз алдымча курап такшалдым. Алгачкы жолу туш кийиз курап тигип, өзүмдүн үйүмө илгем. Курбу келиндер көрүп аябай кызыгышкан. Аларга да тигип бердим. Кийин бири-биринен угуп, буйрутма бергендер көбөйүп, бул ишке баш-отум менен киришип иштеп калдым. Чеберчилик учурдагы негизги кесибим болуп калды. Курак менен кыздарды себин толугу менен даярдап берем. Курап тигүү иши убакытты талап кылат. Ошондуктан 1 апта мурун буйрутма беришет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле чеберчиликти келинине да үйрөтүп жаткандыгын кошумчалады.

«1 күндө куралган 5 төшөк даярдалат. Кээ бир учурларда буйрутманын көптүгүнөн түндөп иштөөгө туура келет. Азыр курак төшөктөрдү эл баалай башташты. Акыркы 6-7 жылда унутта калгандай болгон. Бирок азыркы учурда коңшу жана алыскы айылдардын тургундарынын буйрутмаларын аткарып жүрөм. Курактын түрлөрүн көрсөтсөм кардар өзүнө жакканын тандап буйрутма берет. Көбүнчө каттама жана күн карама куракты тандашат. Мындан тышкары футбол, тюльпан деген жана башка түрлөрү бар.

Башында эч кимди аралаштырбай, өзүм кесип, өзүм тикчүмүн. Анткени формадагы кыркындыларды кылдаттык менен кесиш керек. Азыркы убакта келиниме үйрөтүп, чогуу тигип жүрөбүз.
Келечекте үйгө чакан цех ачып, айылдагы кыз-келиндер менен иштесем деген максатым бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×