Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусуКемин району 08.10.2018 10:11 На русском

Боом капчыгайында «Субару Форестер» толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 28 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 8-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Адамдар жаракат алган жок.

Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Ак-Суу айылындагы тоодо куураган чөп өрттөндү. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 20 куткаруучу, токой чарбасынан 45 адам, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 киши, жалпы 115 адам тартылган. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 124-чакырымында, тактап айтканда Боом капчыгайында «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру В2538АВ) толугу менен өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×