Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 08.10.2018 10:00

Аламүдүндөгү тоодо 450 гектар жердеги куураган чөп өрттөндү

Turmush -  Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын Байгелди айылынын Арчалуу тоосунда куураган чөп өрттөндү. Өрт 5-октябрда саат 22:30 чамасында тутанып, 7-октябрда толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 450 га жердеги куураган чөп күйгөн.

«Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобунан 5 кызматкер, Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 25 кызматкер, Сокулук райондук №23 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 25 куткаруучу, Токмок шаардык №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, №24 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Жайыл райондук №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ысык-Ата райондук №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, мындан сырткары ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 60 куткаруучу, жалпы 155 куткаруучу тартылган», - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 7-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында саат 09:56да өрт чектөөгө алынып, саат 11:57де толук өчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×